www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-октябрда жол жээгинде жана тротуарларда соода кылган 10 орун жабылды. Учурда баардык соодагерлер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, Октябрь райондук акимиатынын кызматкерлери «Орто-Сай» базарынын айланасындагы башаламан соода-сатык кылгандар менен күн сайын, ал тургай сутка бою активдүү күрөшүп келет. Андыктан Бишкек шаардык мэриясы соода кылууда жана борбордун аймактарында жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоону шаардыктардан өтүнүшөт.
Анда белгиленгендей, бүгүнкү күнү шаардыктардын көбү, мыйзамсыз жер-жемиш жана жашылчаларды сатуучу орундарды ачып жатышат. Ал жер-жемиштер атайын текшерүүдөн өтпөгөндүктөн сапатына эч ким кепилдик бербейт.
“Сураныч! Эч качан тамак аштарды ачык жерлерден албагыла – ден соолукка зыян! Урматтуу шаардыктар! Бишкекте ар жуманын эс алуу күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт – ал жактан сиздер жаңы жана табигый айыл чарба тамак-аштарын биринчи эле колдон арзан ала аласыздар. Айыл чарба жарманкелерине көбүрөөк келгиле!” -деп кайрылат мэрия.
Белгилей кетсек, жогорудагыдай өзүм билемдик менен соода-сатык кылгандар, КР кодексинин 120-беренесин бузган болот. Муну менен 2 категорияда, тагыраагы жеке жактарга – 3 миң сом жана юридикалык жактарга – 13 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg