www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашырганда эмне, өлкөнүн Бажы кызматы коррупциянын символуна айланган деңгээлге жеттик. Бажы системасынын жетектөөчү кызматтарында иштегендердин жүргөн тургандары, минген темир тулпарлары миллионерлердикинен кем калышпайт.

Албетте, алган айлыктары менен мындай комфорт жашоону камсыздай алышмак эмес. Бул дагы бир ирет Бажы тармагындагы коррупциянын деңгээли канчалык экенинен кабар берет. Системадагы коррупциялык схемаларды түп тамырынан тазалап, капчыктарга кетип аткан миллиондорду мамлекеттин бюджетине которуу мезгилдин талабы болуп турат. Бул маселени жөн козгогон жокпуз. Эсибизде, өткөн жылы ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов Бажы кызматынын бир катар жетекчилери жаңы жылды чет жерден белгилешип, ага ири суммаларды жумшашып, ой-да чардап келишкенин айтып, кайсы акчаларына эс алып келгендерин текшерип, мыйзамдык чара көрүүнү талап кылган. Бирок ал иш боюнча андан башка сөз болгон жок. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" дегендей эле болгон. Бажы системасынын катардагы кызматкерлеринин айткандарына ишенсек, бажычылардын Жаңы жылдык эс алуусу бул жылы да чет жерде уланыптыр. Бул ирет Бажы кызматынын 15 жетекчи кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен атайын учакты брондошуп, Алматы аркылуу Дубайга барышып, эс алып келишиптир. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, бул маалыматтын чын экенинде эч кандай шегибиз жок. Албетте, ким каякта, кандай эс алат, ал өзүнүн иши. Бирок мамлекеттик органдын жетекчилеринин минтип олигархтар сыяктуу эс алышкандыктары атайын кызматтар тарабынан текшерүүгө алынып, алар короткон ири акчалардын кайдан келгендигине жооп алынышы зарыл. Атайын органдар бул ишти текшерүүгө алышабы? Же кайра эле көрмөксөн, укмаксанга салып коюшабы?

Булак: “Майдан.kg”

 

 

Последние новости