www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматында быйылкы жылга коюлган план аткарылдыбы? Мындай суроону депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында бажы кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Салиевге берди. 

Быйылкы жылдын планына 98,5 миллиард сом коюлган, бирок азыркы учурда аткарыла элек, деп жооп берди орун басар.

Депутат декабрдын аягына чейин аткаруу мүмкүнбү, деп суроо берди. 

Азыркы учурда планга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы план коюлуп жатат. Ошону аткарабыз деп жооп берди Салиев.

Депутат план аткарылбай калса өзгөртүүлөрдү киргизип, 98,5 миллиарддан ылдый түшүрүп койсо боло береби, деп кайра суроо салды.

Бажы кызматынын башчысынын орун басары буга көп себептер бар экенин билдирди.

"Биздин иш-аракетибизге байланышы жок себептер болуп жатат. Мисалы, Кытай тараптан пандемия, андан сырткары Россия менен Украинада болуп жаткан согуштун айынан келбей калган пошлиналар себеп болууда. Белгилүү болгондой, согуш башталгандан кийин беш өлкөнүн ичинде 1300 товарга боштондук берилген. Ошолордун себебинен план аткарылбай калып жатат". - деди Алмаз Салиев.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости