www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидиновичке;

— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштановичке;

— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатаровичке.

Мурат Боронов учурда Баткен облустук ички иштер башкармалыгын, Тариель Абитов Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын жетектейт. Ал эми Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына 2022-жылдын январь айында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости