www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси менен маек.

-- Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачууну карап жатышканын, бюджетке жакшы каражат түшөрүн айтып чыкты.

Канчалаган үй-бүлөлөр кумарканалардын запкысын тартып, карызга батып, үй-бүлөлөр ажырашып, айрымдар өз жандарын кыйып, оор тагдырлар күн санап көбөйгөндө сиздер чырылдап, демилге көтөрүп жаптырган элеңиздер?..

-- 2010-жылы бизге көп адамдар кайрылып, кол топтоп, бул мыйзамга каршылыгыбызды билдиргенбиз. Учурунда ушул кумарканалардын айынан канчалаган үй-бүлөлөр запкы тартып, жанын кыйгандар да болгон. Бир жолу бир адам аялын да уттуруп жиберип, качкан учурларды кездештирдик. Элдин баары каршы чыгып, Роза Отунбаева убактылуу президент болуп турган учурда кол топтогонбуз.

Эл жазуучулары, Эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Бексултан Жакиев баштаган жазуучулар кол коюп, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда ага кайрылып, токтотконбуз. Эми башка нерсе менен элди бага албай ушул эле калыптырбы? Биз изилдөө жүргүзгөнбүз.

Ошол жерде иштеп жүргөн адамдар дагы кумарчы болуп кеткендери бар. Эртеден кечке ошол жерде жүрүп, үйрөнүп, башка жерге барып ойношуп, кумарпоз болуп кетишкен. Бул сунушка жалпы эл макул деле болбойт.

Ушундай кыйын күндөрү чет мамлекеттен бизге кумар ойногону келишет бекен? Кумар болгон жерде кыздар дагы сатылат. Карыз да болот. Ичинде адам тагдырлары талкаланат. Алыс жакка болсо да жетип алышат.

Эми бүгүн “Бишкекке, борбордук жерлерге ачабыз” деп жатышат. Бир баланын, жаш адамдын көз жашы эч кандай акчага бааланбайт. Үйбүлөдө ансыз деле баңгилик, аракечтик күч алып турат. Эми элди мындан да жаман көрүнүшкө түртүшөбү?

Биз көйгөйдү көтөрүп чыкканда шумдуктуудай кылып жазышкан. Мени “тиги өлкөдөн, бул өлкөдөн акча алган, үй салган” деп асылбаган, айтпаган сөздөрү калган эмес. Азыр деле коомдук уюмдарга асылып жатышат.

“Кумарканаларды ачабыз” дегенде элдер чурулдап чыкканда азыркы президент деле “эл макул эмес экен” деп токтотуп койбоду беле? Эми кайра эмнеге кылтыйтып жатышат?

Буга эл деле унчукпай калбайт. Ансыз деле кыйналып жатабыз. Лотерея, букмекер... бүт эле кумар. Башка нерсе менен иш алып бара алышпайбы? “Ислам өлкөлөрүндө деле ачып, иштетип жатат” деп кайсы бир өлкөлөрдү мисал келтирип жатышат.

Бирок бизде аларга салыштырмалуу мыйзамдар иштебейт. Коррупция тыйылган жок. “Менин эле курсагым тойсо болду. Калгандары эмне болсо ошо болсун” деген көз караш болбош керек да! “Канчалаган кишилер жумушсуз калды” дейт.

Жумушту кумар менен толтурушабы? Балким 20-30 жылдан кийин эл ак-караны ажыратып, коррупция азыраак болуп, турмуш оңолсо, ойлонмокпуз. Андан көрө “Асман” деген шаарын салып өнүктүрүшпөйбү. Ачкан кишилерге акча агылып түшөт. Алар элге күйгөн жок. Жеке кызыкчылыктар арбын...

Булак: Азия News гезити

Последние новости