www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ашын ичкендер кутулуп, аягын жалагандар тутулчудай» болуп өңчөй орун басарларга айыптын баары оодарылчудай болуп турат», - деди бүгүн, 7-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бөдөш Мамырова.

Алымкадыр Бейшеналиев камакка алынганда комиссия түзүлүп, Башкы прокурор кызматынан убактылуу четтетилди. Айрымдар муну Бшкы прокурордон шек санаганга барабар иш болду деп жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Саламаттык сактоо министринин Башкы прокурор тарабынан камакка алынышын Президент өтө оор кабыл алды. Адаттан тыш, мыйзамда көрсөтүлбөгөн, эч бир бийлик тушунда колдонулбаган норманы колдонуу менен бурулуш кадамга барды. Көрсө, министр мырзанын баш-аягын карабай сүйлөп, адамдардын аброюна шек келтирип чыкчырылганында бир мандем бар экен да. Комиссия түзүүнүн өзү эле бул иш президенттин көзөмөлүндө турганын далилдеди.

Негизи Башкы прокурор деле тыкыр изилдеп, далилдер жетиштүү болгондон кийин кылмыш ишин козгоп, камакка алса керек. Анткени, бул министр таасирдүү фигура экени эң алды Башкы прокурорго белгилүү болчу да. Башкы прокурор мамлекетке зыян алып келген, казынага кол салгандар жогору жакка жакын, алысына карабай күнөөлүү болсо мыйзам алдында бирдей жооп берет деген принцип менен камакка алса керек. Бирок, анын камалышы мамлекет башчыны Конституцияда көрсөтүлбөгөн дегеле өлкө тарыхында буга чейин колдонулбай турган нормаларды колдонууга түрткү берди.

Эң кызыгы, Башкы прокурорду козгогон кылмыш иши үчүн убактылуу кызматынан четтетүү мурунку дагы Президенттик башкаруу системасындагы конституцияда да каралбаптыр. Баш прокурорду Президенттин сунушу менен Жогорку Кенеш дайындайт жана ошондой эле тартипте кызматтан алат.

Ал эми министрге иш козгогону үчүн убактылуу кызматынан четтетилет деген норма эч жерде жазылган эмес. Жогорку Кеңешке чыгарса деле лаппай деп колдоп бермек. Бул буйруктун өзү эле тергөөнүн жүрүшүнө таасир берет.

Тактап айтканда, басым болушу мүмкүн деген күмөндүү ойду жаратып койду. Ошол эле учурда башкы прокуратуранын өз алдынча иш алып баруусу оор экенинен кабар берип койду.

Миллион эмес миллиарддаган сумманын эсеби табылбай тергөө жүрүп атканда социалдык тармактагы жалданмалар тургай өкмөт мүчөлөрү өздөрү бул ишке кызыктар болуп, жактоочулар милдетти аткарууга ыңгайлаша баштаганына караганда «ашын ичкендер кутулуп, аягын жалагандар тутулчудай» болуп өңчөй орун басарларга айыптын баары оодарылчудай болуп турат.

Эмне болгондо дагы Баш прокурордун кызматынан убактылуу четтетилиши президент тарабынан чукул комиссия түзүлүшү коомчулукту күмөн ойго калтырган эч бир нормага сыйбаган осол иш болуп калды. Бүгүнкү күндүн эртеңи болот дегендей бул күндөр дагы өтөт. Бир кездерде мыйзамга сыйбаган иштер кайрадан көтөрүлүп тактоону талап кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Бүгүнкүнүн таасирдүү мыйзам, кызматтык этика эмес, өзүнүн түшүнүгү менен иш жүргүзгөн министр А.Бейшеналиев эртең сүттөн ак болуп өкмөттү жетектеп калса деле таң калбачудай учур түзүлүп калды. Ага бул бийлик кол тийбестик макамын ыйгарып койсо деле болчудай. Өзгөчө министр болуп турат. Тергөөнүн жыйынтыгы кандай болот, аны да көрөрбүз.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости