www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июнда Талас облусунун Манас районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты курулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, облустук администрациянын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Манас райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Талас шаарында КР УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости