www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстандын тиешелүү кызматтары менен биргеликте Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызстан менен Өзбекстанды жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

"Туннелдин тереңдиги 17,5 метр, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, туннелдин жалпы узундугу 155 метрге жакын экени аныкталды. Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин дагы УКМК тарабынан аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости