www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай төрагасы Си Цзиньпин Сан-Францискодо жолугушууда АКШ президенти Байденге Бээжин Тайванды материктик Кытай менен бириктирерин "так кесе" айтты. Си Цзиньпин Байденге жолугушууда Бээжин аралды күч менен эмес, тынчтык аркылуу биригишине ык коерун айткан. Си америкалык аскерлердин 2025 же 2027-жылы Кытай Тайванды "басып алат" деп бекемдеп келген божомолун четке кагып, мөөнөт менен чектебегенин белгиледи. NBC Си Цзиньпинди "кескин жана ачык сүйлөгөн, бирок тирешпеген" лидер катары сүрөттөшкөнүн жазды.
Кытайдын борбордук өкмөтү менен Тайвандын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. Бээжин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.
Кытайдын армиясы Тайванды Кытай Эл Республикасынын курамынан бөлүп кетебиз дегендерге эч кандай аёо кылбай турганын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы Чжан Юся Бээжиндеги эл аралык форумда эскерткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg