www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эгемендүүлүгү кабыл алынып жатканда, ал кездеги легендарлуу парламенттин атынан чек арадагы көйгөйлөргө байланыштуу өзүнүн оюн ачык билдирген депутат Бегиш Аматов менен маек курган элек. 

--Бегиш мырза, айтсаңыз, биздин өлкөнүн эгемендүү болгонуна чейрек кылымдан ашты. Бизге коңшу өлкөлөр болсо өнүгүп жатат. Кыргызстан өнүкмөк тургай көз карандысыз мамлекет катары коңшу өлкөлөр менен эмдигиче чек ара маселесин толугу менен чеч албай жатат. Сиз чечилбеген бул көйгөй тууралуу жакшы билсеңиз керек?..

--Бул көйгөй СССРдин доорунда эле жаралгандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Кыргызстан 1936-жылдан баштап союздук республикалардын катарына кирген. Биздин республика ага чейин автономдуу област катары Россиянын курамында болгон. СССР түптөлгөндө ар бир республиканын территориялык чектери өздөрүнө бекитилип берилген. Эми бул маселе качан башталганына токтолсок. Салыштыруу иретинде айтсам, коңшу туугандын эң начары өзүнүн тууганын огородун байкайт турбайбы. Андай учурда “тигинин койлору көбөйүп, семирип калыптыр” деп көз арта баштайт экен. Мындай көрүнүш акыры жүрүп туугандарды касташтырганга алып келет. Эмесе өзбек туугандар ошол союздук республикалардын бири катары өздөрүнө бөлүнгөн жердин байлыктарына ыраазы болуп жашашы керек. 1954-жылы Никита Хрущев Россиянын Крымдагы аймагын өзү билип эле Украинага өткөрүп берип койгон. Бир колхоздун жерин экинчи колхозго бергендей эле. Россия 1936-жылкы конституция боюнча өз алдынча суверендүү чоң мамлекет болгон. Ал кезде бул республика союздун курамына өз каалоосу менен кошулган болчу. 

А, бирок Хрущев Крымга байланышкан маселени Россиянын элинен эч сурабастан эле өзү чечип койгон. Ошентип, аталган аймак Украинага тиешелүү болуп калган. Андан кийин Хрущевдин учурунда дал ушундай жагымсыз окуя Ташкент менен Чимкент областтарынын ортосунда болгон. Өзбек туугандар бирөөнү мактаганды жакшы билет эмеспи. Хрущев Өзбекстанга барганда алар палоо менен көк чайын берип жакшылап сыйлап туруп Ташкенттин тегерегиндеги Казакстанга тиешелүү үч районду сурашыптыр. Хрущев болсо алардын өтүнүчүн аткарып, картаны каалагандай сызып туруп үч районду Өзбекстанга өткөрүп берген экен. 

--Кыргызстандын территориясында жайгашкан “Кемпир-Абад” суу сактагычы да сиз айткан Хрущевдин колдоосу менен Өзбекстанга өткөн деген турасызбы?

--Туура баамдадың. Өзбектер андан кийин Кыргызстандын чоң суу сактагыч кура турган жерин көрүп “ушуну биз алсак” деп биздин жерге да көз арта баштайт. Кыргызстандын территориясында Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунан аккан  суулардан топтолуп отуруп республикада төртүнчү чоң суубуз кара дарыя пайда болгон. Эми ошол кара дарыянын жанындагы “Кемпир-Абад” деген жерди алмай болушат. Өзгөн районунун аймагына бул жерде Кыргызстанга тиешелүү суу сактагыч курулмак. Хрущев болсо миңдеген гектар жерди Кыргызстандын ошол учурда жогорку кызматта турган жетекчилери Т.Усубалиев менен А.Сүйүнбаевге айтып Өзбекстанга бердиртип жиберет. Ошондо жер Кыргызстандыкы, ал эми суунун бети Өзбекстандыкы деген шарт менен берилиптир. Эми дүйнөдө мындай келишим дегеле жок экен. Ал эми суу сактагычта 2,5 миллиард куб суу сакталат. Бул бир маселе.

Экинчиси, ошол бийик суу сактагычтан түшкөн суу электр энергиясын берет. Эми биз дүйнөлүк экономилык мамилеге өттүк. Кыргызстанда бир убакта газ болбой калган. Биз газды Өзбекстандан алчубуз. Каримов бизге дүйнөлүк баа менен алгыла деген. Анан айла жок ал айткан баа менен алып жатсак  газ бергенди токтотуп салган. Эми биздин суудан чыккан электр энергиясын Өзбекстан дүйнөлүк баа менен алышы керек. Эмесе миң киловатт электр энергиясы төмөнкү баа менен эсептегенде 200 доллар болот экен. Ал жерде 2,5 миллиард куб суудан чыккан бери жагы эле 200-250 миллион долларлык электр энергиясы бекер берилип жатпайбы. Ал аз келгенсип “Суу сактагычтын бети Өзбекстандыкы” деп шылтоолоп биздин өлкөнүн территориясына өзүнүн аскерин киргизип салган. Учурда алар Кыргызстандын жеринде курулган суу сактагычтын үстүндө өздөрүнүн кайыгына отуруп алып, көк чай ичип көңүл ачып жүрүшөт. Бийликтегилер болсо “Чек аранын 85 %ын чечип бердик” деп айтып жатышат. Эмнени чечти? Кимден сурады? Же парламент текшерип коюптурбу? Азыркы кезде деле Чек ара маселеси толук чечиле элек. Суу сактагыч дагы эле Өзбекстандын карамагында болуп жатат. 

--Сөзүңүзгө аралжы. Сиз жогоруда Өзбекстандын Хрущевдин көңүлүн алып казак туугандарга тиешелүү аймактарга ээлик кылып алгандыгын айтпадыңызбы. Казакстан акыры өзүнүн аймактарын кандай жол менен кайра кайтарып алган экен? 

--Л. Брежнев бир убакта Казакстан компартиясынын экинчи секретары болуп иштеген экен. Бул киши кийин Москвага Хрущевдин ордуна башкы секретар болуп кызматка барат. Казакстан компартиясынын ошол кездеги биринчи секретары Д.Кунаев ошондо Брежневге барып:

“Өзүңүз жакшы билесиз. Хрущев бир учурда өзүнүн колхозуна өткөргөнсүп Казакстанга тиешелүү үч районду Өзбекстанга берип койгон эле. Казакстанга кайра кайтарып бериңиз”-деп өзүнүн өтүнүчүн билдирип, акыры патриот адам катары үч районду Казакстанга кайтарып алган экен. Путин дагы өз элинин чыныгы патриот адамы болгондуктан Крымды кайрадан Россиянын карамагына өткөрүп алды. Эч кимден корккон жок. Өзбекстан болсо бир учурда бирөөнүн жерине көз артканынын кесепетинен улам Казакстанга тиешелүү аймактарды кайра кайтарып берди. Бирөөнүн жери менен эмне иши бар? Өзүнүн  территориясында тирилигин кылбайбы? Жанындагы коңшу туугандардын өсүп-өнүгүп жатканына сүйүнүшү керек! Эмне үчүн бирөөнүн жерине, суусуна көз артышы керек?! Өз өлкөсүнүн патриот жетекчилери Кунаев жана Путин өзүнүн жерлерин кайра кайтарып алышты. А, биздин совет мезгилиндеги мамлекет башчыларыбыз болсо Хрущевди да, андан кийинки жетекчилерди да жакшы деп отуруп, акыры совет доору өтүп,  эгемендүү мамлекеттердин заманы келди. 

--Кыргызстандын эгемендүүлүгү кабыл алынып жатканда ал кездеги легендарлуу парламенттин депутаты катары сиз кайсы маселе тууралуу ачык пикириңизди билдирдиңиз эле? 

--1990-жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгү кабыл алынып жатканда мен трибунага чыгып: “Кыргызстан өзүнүн армиясын түзүп чек арадагы көйгөйлүү жерлерди аскерлерге кайтартышы керек!” - деп ачык айткам. “Аматовго армия керек”, - деп ошондо баардыгы күлүшкөн эле. Ал эми Каримов болсо акырындык менен өзүнүн аскерин алып келип “Кемпир-Абадды” десанттык аскерлерине кайтартып койду. Ош менен Жалал-Абаддагы чек араларын жапты.                   

(Уландысы бар)

Нурлан  ИСАМАТОВ,  NazarNews.kg                                                                        

 

Последние новости