www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоо мурункудай административдик ресурс колдонулбай таза, адилеттүү өттүбү? Эл өз тандоосун жасоого үлгүрдүбү?

- Шайлоо таза жана адилетгүү өттү. Өзгөчө «добуш берсем, канча бересиң?» - дегендер жок болду. Ошондой эле, акча тараткандар да болгон жок. Акча, тамак, арак бербей деле шайлоо өткөрсө боло турганын ушул шайлоо тарых алдында тастыктады. Баарынын да мени кубантканы ушул шайлоодо түндүк-түштүк проблемасы болгон жок. Октябрда түштүккө түндүктүн партияларын киргизбей коюшкан.

Азыр Баткен, Жалал-Абад, Оштун эли жолу-гушууларда стадионго батпай, күндүн суугуна карабай келип жатышты. Кудай буюрса, мындан аркы шайлоолор да акчасы жок, түндүк-түштүк деген бөлүнүүсү жок өтүп калса экен.

Октябрдагы окуядан кийин талапкерлер административдик ресурс колдонгондон жана акча тараткандан уялышкандай. Адилеттүү мамлекет курабыз деп атып, элдин добушун сатып алганга да абийирлери жол берген жок окшойт. Ошон үчүн жеңиш таза болду. Карапайым эл ишеним үчүн, келечек үчүн, ынтымак жана тынчтык үчүн аванс менен добуш берип, мамлекетти сактап калалы дешти. Кудайдан болуп элдин үмүтү өчпөсүн. Жаңы шайланган ажобуз акжолтой болсун. Мамлекетти өнүктүрсүн.

Мадумаров ар дайым талапкерлигин койгон сайын дайыма ушул өлчөмдө добуш алаарын жакшы билет. Бул чындык. Анткени, анын туруктуу өзүнүн шайлоочулары бар. Бирок унчукпай баш ийип, шайлоонун жыйынтыгын таанып, моюн сунганга куру намысы, саясий аброю жол бербей жаткандай.

Булак: Майдан.kg

Последние новости