www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков менен шайлоонун алкагында баарлаштык.
-Бейшенбек мырза, парламенттик шайлоонунун таза өтөөрүнө ишенесизби?
-Менимче, шайлоо 30 жылдын аралыгында кандай өтүп жүргөн болсо, бу сапар деле ошондой эле өтөт. Укмуштуудай өзгөрүү болот деп деле ойлобойм. Анткени, шайлоонун шаңы азыр эле байкалып, мурдагыдай эле темп менен кетип, ошондогу эле ыкмалар ишке аша баштады го?
-БШКнын партиялардын каражатын көзөмөлдөгөн жоболору, ошондой эле добуш саткандарды жоопкерчиликке тарткан мыйзамдын күчүнө кириши шайлоонун таза өтүшүн камсыздай албайбы?
-Мындай мыйзамдар мурда эле бар болчу. Аны Акаев, Бакиев, Атамбаевдер мезгилинде оппозицияга каршы колдонуп келишкен. Кыскасы, шайлоону таза өткөрөбүз деген максатта кабыл алынган мыйзамдын баары эле оппозицияны гана алсыздандырууга колдонулчу. Азыр деле ошондой болот окшойт деп болгооп турам.
-Айрымдар бу сапар элдин таламын талашкан партиялар жеңишке жетиши мүмкүн деген божомолдорун айтып жатышат. Эл бу сапар жүрөгү эл деп соккон талапкерлерге добушун береби же дагы эле алданып калабы?
-Бу сапар эл акылмандыгын, көсөмдүгүн көрсөтүшү керек. Ошондой эле 30 жылдан бери кетирген катачылыгын оңдошу керек. Биз күткөн партия келбей калды деп революция кылганга чамынбай, революцияны аң сезимге кылыш керек. Тагыраагы, эл 2 жолку төңкөрүштөн сабак алып, туура тандоо жасашы керек. Бу жолу алданбастын аракетин кылып, татыктууларды тандашы керек. Болбосо, эл менен иши жоктор парламентке келип, коалиция түзүп, бийликти ээлеп алса, эл жакырчылыктын сазына батып, жумушсуздуктун айынан дагы нан таап жейбиз деп үй бүлөсүн багуу үчүн мигрант болгондор көбөйөт.
Ал, бул дегенибиз менен азыр элдин абалы оор. Пандемиядан жапа чегип, илдетке кабылгандар жана жакындарынан айрылгандардын нерви козголуп, депрессияга батып, айласын таппай отурушат. Ошон үчүн куру убадага, азыраак каражатка алданбай элдин талабын талашкан партияларды шайласак, баары элдин колуна өтөт. Бийликте люстрация болот. Бөрк ал десе баш алган мыйзамсыздык жоголот. Эгер келечекке кайдыгер карап, добушубузду сатсак же арзыбаган нерсеге алданып берип койсок, анда, элдин өзүнүн шору болот. Бирок, учурда эл да, бийлик да эсине келе турган, баарын таразалай турган мезгилге келдик. Анткени, 30 жылдык башкаруунун аягы музейдеги “ЖЫЛАҢАЧ АЯЛГЕЙТ'' менен бүттү. Чекит коюлду. Жыйынтыкталды. Эми мындан ары эл да, бийлик да 180° ка бурулуп, мамлекетти сактап калууну ойлонушубуз керек.
Булак: NazarNews.kg