www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиев менен альянска бириге албай жаткан партиялар боюнча пикир алыштык.
-Каныбек агай, неге бийликчил партиялар да, оппозиция да альянска бириге алышкан жок?
-Мен бул суроонун үстүндө көптөн бери ойлонуп келем. Өзү 2010-жылы парламенттик система деп өрөпкүп жүргөнүбүздө көп ката кетирилген экен. Убагында какшап эле айтканбыз. Бирок, Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын кээ бир жасакер депутаттары капысынан эле ошол кездеги президентке жасакерленишип, Конституцияны бузушуп, кээ бир нормаларды мыйзам түрүндө чампалап жаза коюшуп, өткөрүп жиберишти. Де-юре парламенттик болгону менен де-факто президенттик-парламенттик өлкө болуп жатып калдык. Ошондо партиялык курулуш менен тыкыр алектенип, ири альянстар түзүлө турган шарттарды камсыз кылсак болмок. Тилекке каршы, андай болбой саясий партиялар жеке адамдын же болбосо партлидердин менчик фирмасы катары болуп калды. Амбициялуу лидер бирөөгө кошулуп альянс түзмөк турсун, өзүнүн партиясынын клондорун жарата баштады. Натыйжада, мисалы, 2015-жылы КСДП 2-3 клон партиялары менен парламентти ээлеп алышты. Ошонун шары менен дагы эле келе жатышат. Оппозициялык альянс деле ошондой себептерден улам бириге албай келишүүдө. Дагы бир эң маанилүү себеби. Соодалашмай, акча жыйнамай. Ошондуктан саясий партиялардын кадыры кетти.
-Шайлоодо бийликчил да, оппозициячыл да партиялар бири-бири менен тил табыша албай отурганда эл колдогон байлыгы жок, бийлиги жок партиялар өтүп кетиши мүмкүнбү?
-Менимче, бийлик ага эч качан жол бербейт. Парламентти алдырып жиберсе, анын абалы аянычтүү болуп калат. Азыркы "бийликчил" 3 партия утуп келишет. Балким көз далдоо кылып, бир "псевдооппозициячыл" партияга 10 орун берип коюшат. Ошону менен соода-сатык иштери бүтөт. Кыргызстан аттуу кыйчылдаган арабабыз арсар жолун андан ары уланта берет!
Булак: NazarNews.kg