www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев аргымак минип алып “Кыргызстан” партиясынын штабында жүрүшөт. Оң колунда камчы, сол колунда “Кыргызстан” саясый партиясынын желеги, дүбүртү таш жарат. 

Бул жалындуу маалыматты бизге өздүк булактар кабарлап, алар парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы” менен баруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын уктук. Маалымат булагыбыз кошумчалагандай учурда башка дагы аттуу-баштуу адамдар, Канат Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун кабинетине баш багып, анан каш кагып “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого барууну көздөп жатканын айтты.

Эске сала кетсек, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы орун басары Нурбек Сыдыгалиев 2019-жылдын соңунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна мандат алып депутат болгон. Негизгиси ЖК менен тааныш, “кнопка” баскандан сырткары мамлекеттик кызмат тууралуу түшүнүгү бар.

Ал эми экинчи талапкерди айта турган болсок “балта чоту колунда” жүргөн Эркинбек Чодуев 2019-жылы КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматын аркалаган. Демек, Чодуев чокмор кармап депутаттыкка келсе, “чоңдор” жазган мыйзамын колдоп берсе калганы “сексалюларга” караганда баары эле жакшы болот го. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости