www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бул мүмкүн кыргыз эли үчүн пайдалуу болот чыгар, балким тескерисинче болуп калабы, азырынча белгисиз. Ошондой эле бул сунуш түрдүү талкууларды жаратты. Сунушту жактагандары да бар, колдобогондору да бар.

Бул тууралуу өзүнүн оюн журналист Бейшенбек Бекешов да социалдык баракчасына жазган.

“Алдын көрө албайт, дайыма кылчактап артын карап турат”, - дечү бейиши болгон Салижан аке. Көрсө латын арибине өтөлү деп иш таап олтургандар сыяктууларды айтыптыр да.

Айдап бараткан машинабызды таштап, рулу, педалдары, деги эле башкаруучу жерлеринин баары башкача орнотулган, бузулса өзүбүз эч нерсесин оңдой албаган башка машинага түшүп, таптакыр башкача жол эрежеси бар башка жол менен жөнөсөк жолубуз кантип арбыйт? Башка арипке өтүүнүн ушундан кыпындай айырмасы жок. Ошончо эмгек, убакыт коротуп, анын айдан ачык көрүнүп турган зыяндуу жактарына кайыл болуп жатып латын арибин өздөштүргөн кыргыз түрк же англис тилин билип калбайт. Элдин баары пайдалуу иштер менен алек болуп жаткан заманда келесоонун ишин кылып, убактысын текке кетирген баягы эле макоо кыргыз бойдон калат. Анысы аз келгенсип, мамлекеттүүлүккө, эгемендүүлүккө, деги эле улуттук өзүн өзү аңдап билүү деген эбегейсиз зор дөөлөткө кантип келгенибизди эч убакта билбеген маңкурт муун пайда болот.

Бул менимче, элибиздин алга жылышын тушап, бир орунда жылмышып тура беришин каалаган, бери дегенде түркөйлүк, ары дегенде карасанатайлык болуп саналат. Анан да, тилдеги бир катар жетишпеген тыбыштарды белгилей турган тамгаларды латын ариби менен киргизебиз деген жүйөө суу кечпейт. Ал тамгаларды маал-маалы менен өзгөрүп турчу орфографиялык эрежелер сыяктуу эле өкмөттүк бир токтом менен киргизип койсо болот. Ал кошумча ишти да, каражатты да талап кылбайт. Эл мурдагыны да, кийинкини да эч маселеси жок эле окуп кете берет.

Бейшенбек Бекешов

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости