www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фильм "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салышууга да тандалып алынган.

 Режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы Москва шаарында өткөн XIII эл аралык "Будем жить" кинофестивалынын баш байгесин багындырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Фестивалдын жабылышы 25-августта Москвадагы Борбордук кино үйүндө болуп, ага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.

"Сынактын баш байгесине кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчүн баяндаган "Бейиш эненин таманында" тасмасы ээ болду. Ошондой эле бул фильм "Мыкты оператордук иш" номинациясында да сыйлык алды (оператор Каныбек Калматов)", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл эл аралык фестивалга катышууга 15 өлкөдөн 400дөн ашык эмгек жөнөтүлгөн. Сынактын программасына толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм фильмдер, ошондой эле даректүү тасмалар кирди.

"Будем жить" эл аралык фестивалы Москва шаарынын маданий турмушундагы негизги иш-чаралардын бири болуп саналат, ал жыл сайын борбор калаанын түрдүү жайларында өткөрүлөт. Кинокөрсөтүүнүн негизги максаттары жана милдеттери көрүүчүлөрдү ата мекендик жаңы тасмалар жана алардын жаратуучулары менен тааныштыруу, түрдүү коомдук аянтчаларда көрсөтүү аркылуу тасмалардын аудиториясын кеңейтүү, ошондой эле белгилүү чеберлер менен кинорежиссерлордун тажрыйба алмашуусу болуп саналат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости