www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча лонг-листине киргизилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат министрлиги билдирди.

Мындай чечим бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кеңешүүдөн кийин жарыяланды.

«Бейиш эненин таманында» тасмасын белгилүү режиссер Руслан Акун тарткан. Көркөм фильм бир катар өлкөлөрдө көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, учурда чет мамлекеттердеги Оскар комитеттери талапкерлердин лонг-листин (узун тизме) түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп , анын ичинен жеңүүчү тандалат.

97- Оскар сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Dolby театрында (Голливуд, Лос- Анжелес) өтөт.

Последние новости