www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору 2015-жылы эле жоюлган. Ошондон бери Сабыр Жумабеков жок болгон борбордо иштеп жүргөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 4-февралда өткөн маалымат жыйында айтты.

"Жети жылдан бери жок жерди борбор деп иштеп жүргөн академик баарына жооп бериши керек. Ал ошол жерде билгенин жасап келген", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканын айткан.

Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости