www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өз элине отчет бербеген бийлик, бийлик эмес!», - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.

- Бейшенбек ага президенттин 25-ноябрга курултай чакырганын бири колдосо, бири сындап жатат. Сиз бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Албетте колдойм! 30 жылдан бери элдин көксөгөнү эле. 30 жылдан бери бийликке, байлыкка тойбогондордун заманы бүттү!

Мындан ары талап, тоноп, сатып, атып, качып кеткендер болбойт! Баш мыйзамда «бийликтин ээси эл» - деп жазылып турат! Мына эми чыныгы элдик бийлик орнойт! 30 жылдагы 3 төңкөрүштүн негизги себеби үй бүлөлүк, партиялык, кландык коррупция болгон.

Эми жергиликтүү курултайлар, айыл өкмөтүн, акимдерли жедирбейт, элдик курултай бийликти жедирбейт, ошентип коррупция жок болот. Өз элине отчет бербеген бийлик, бийлик эмес! Ал коррупционер бийлик!

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайдчакыруу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Курултай 25-ноябрда, Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости