www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«30 жылдан бери Кыргызстандын өкмөтү кытай наскисиндей алмашты, эми иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек», - деди бүгүн, 16-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек ага, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылгандар чыга баштады. Ал кызматка киришип жатып, берген убадаларын аткара баштадыбы?

- Менимче Акылбек Жапаровду азыр кетиргенге болбойт. Анткени, 30 жылда 32 өкмөт алмашып дайыныбызды таппай калдык. Өсүп-өнүгүү жок. Ар бир келген өкмөт ишти кайра башынан баштай берип, ордубуздан жылбай жыйынтыгында сазга баттык.

Тагыраагы, Өкмөт кытай наскисиндей алмашты. Эми 2022- жылдын бюджети 400 миллиардга жеткирем деген Акылбек Жапаровго мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

Анткени, бюджетти 400 миллиардга жеткирсе, бул өтө чоң жетишкендик. Ошон үчүн бир жыл күтүш керек. Айтканын аткарса дагы 500 миллиардга жеткир деп калтырышыбыз керек. Аткарбаса анан кетириш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости