www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын адамдын кемчиликтерин оңдоп алуу наркы. Кемчиликсиз адам болбойт, аларды көтөрө билсең, түзөй билсең гана жакын адамыңдын кадырына жетесиң, өзүң да жалгыз калбайсың деген нарк.

Топчубек Тургуналиев - коомдук ишмер: Илгери Жеңижок төкмө Таласта ала оорусу менен ооруп калат. Аны ошол замандын башкаруучулары бул оору айыкпайт, анысы аз келгенсип жугуштуу деп чечип, аны өлүмгө буйрушат.

Өтөнүн Аксы тарапта бир эжеси бар экен. Ал бул кабарды угуп, түн катып ат коштоп келип инисин Аксыга алып кетет. Анан ошол жакта бир дарыгер табылып, ал Өтөнү доңуздун терисине кайра кайра ороп жатып айыктырып алат. Ошону менен акын бутуна туруп, эл алдына чыгып ырдай баштайт. Анан бир чоң жыйын болуп, ага мен акын дегендин баары чакырылып, мен деген билерман, эл билгилердин баары келет.

Таластан Өтөнү өлүмгө буюргандар да барат. Ошондо Өтө айтышып акындын баарын жеңип, ал эле эмес, бир кезде өзүн өлүмгө буюргандарды да сөзгө сындырып ырдап чыгат. Өтөгө мен жакшымын дегендин баары астына ат тартып сый көрсөтөт. Сөзгө сынган таластык туугандары андан бетер сый көрсөтүшөт. Мына ушунун өзү жолдоштун ийрисин, туугандын ийрисин кепке салса түзөлөттүн мисалы эмеспи.

Кепке салуу маданияты биздин коомдо дээрлик иштебей калды. Анын баарын бузган чоңдор, башкаруучулар. Башкаруучулардын ийриси эзели түзөлөөрүнө ишенбейм. Алардын ийриси көрдө гана түзөлөөр.

Асан Турсункулов -  сүрөтчү: Байып алган адам бирөөнү уккусу келбей, өзүнчө эле кыйын болуп калат. Бийлик да ошондой эле. Карапайым кыргыз элинде бул нарк кыр көрсөтүп, чатак чыккан учурлар болот. Ошондойдо баары бир кепке келип эле, туугандашып тарап жатышат го.

Кептин баары бийлик менен карапайып элдин ортосундагы кепке келишүүнүн болбой жатканында. Кыргыз боз үйдүн жыгачын кандай ийге келтирип, каалаганындай кылып жасап алганындай эле, жолдош-жороонун баары эле ийге келет. Айрым учурларда гана какайып калганы болбосо, баары бир ийге келет.

Бейшенбек Бекешов: Азыркы соттошуу, укукташуу деген нерселер кыргыздын кепке салуу деген маданиятынан алда канча төмөн нерселер да.

Манап Алиев - акын: Казанда эмне болсо чөмүчкө чыгат дейт.

Асман толо көрүнгөндей жылдыздар,

Көктөн бүтүп бөлүнгөндөй кыргыздар,

Учуп чыккан жылдыз болуп куйруктуу,

Уюткулуу журттан чыгат Чыңгыздар.

Топчубек Тургуналиев: Элине жараша падышасы болот деген да туура эмес. Качып кеткен эки ажого кыргыз эли муктаж беле? Же кыргыз эли ошолордойбу? Алар жалаң алдамчылык менен гана олтурушпадыбы бийликте ошончо жыл.

Манасты да сындап түзөтүшөт эмеспи. Кошой: -Манас, Манас деп койсо, барбая түшөт экенсиң, үйлөп койгон чаначтай, дардая түшөт экенсиң, - деп айтат.

Азыркы бийликти кантип түзөтөсүң? Биз болсо бири бирибизди түзөтөлү. Ал наркты бизден али эч ким алып салган жок.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости