www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн биз кыргыз тили жөнүндө катуу сүйлөп жатабыз. Патриоттук ураандарды көтөрүп жатабыз. Дүкөнгө кирсек, кыргызча сүйлөөнү талап кылабыз. Мекемелерде, тейлөөдө кыргыз тили болсун дейбиз. Бул — туура. Бул — керек. Бул — тамырыбызга кайтып жатканыбыз, - дейт кыргыз тилине кайдыгер карабаган, бир нече ырлардын автору, жеке ишкер Бек Баяманов.
— Бирок чындыкты айтышыбыз керек: биз кыргыз тилин көбүнчө форма катары көтөрүп жатабыз, маани катары эмес. Биз тилди талап кылып жатабыз, бирок ошол тил аркылуу дүйнөнү таанып жатабызбы? Мына ушул жерде эң негизги маселе жатат.
Тил — бул жөн гана сүйлөшүү эмес. Тил — бул ой жүгүртүү. Тил — бул дүйнөнү кабыл алуу. Тил — бул аң-сезим. Эгер биз кыргызча сүйлөп, бирок дүйнөнү башка тилде таанып жатсак, анда биз тилди сактаган жокпуз — биз аны жөн гана колдонуп жатабыз.
Мен муну жеке тажрыйбамдан айтып жатам. Мен айылда чоңойдум, Токтогул тарапта. Бала кезимде дүйнөнү билгим келди, түшүнгүм келди. Бирок кыргыз тилинде мен эч нерсе таба алган жокмун. Илимий китептер жок. Космос тууралуу материалдар жок. Физика, математика, философия, психология, терең диний же руханий лекциялар жок. Интернетке кирсем да — кыргызча мазмун дээрлик жок. Дүйнөнү таануу үчүн мен башка тилдерге өтүүгө мажбур болдум.
Бүгүн да абал анча өзгөргөн жок. Биз көрүп жаткан илимий фильмдер, лекциялар, курстар, китептер — баары башка тилде. Кинолорду да башка тилде көрөбүз. Көпчүлүгүнүн профессионалдуу кыргызча котормосу жок. Бирок ошол эле учурда биз тил маселесин баннер, вывеска, талап коюу деңгээлинде гана талкуулап жатабыз.
Эгер биз чындап кыргыз тилин өнүктүргүбүз келсе, анда эң башкысы — мазмун. Бизге котормо борборлору керек. Күчтүү, системалуу, туруктуу. Мамлекеттик болобу, жеке болобу — айырмасы жок. Биз дүйнөлүк илимди, билимди, философияны, динди, технологияны, космосту кыргыз тилине алып келишибиз керек. Кыргыз тилинде адам физиканы да, медицинаны да, астрономияны да, руханий илимдерди да толук түшүнө ала турган шарт түзүлүшү керек.
Анткени улут котормодон башталат. Аң-сезим тил аркылуу калыптанат. Эгер бала дүйнөнү кыргыз тилинде таанып өссө, ал кыргызча ойлонгон, кыргызча анализ кылган, кыргызча тереңдеген адам болуп чыгат. Ошондо гана биз билимдүү, илимий, руханий жактан күчтүү улутту тарбиялай алабыз.
Бул сын эмес. Бул — сунуш. Бул — көз караш. Бул — келечек тууралуу ой. Биз форманы эмес, тамырды кармашыбыз керек. Кыргыз тилин сактоо — бул аны менен жөн гана сүйлөө эмес. Кыргыз тилин сактоо — бул кыргыз тили аркылуу дүйнөнү таануу.
Эгер биз ушундай жолго түшсөк, анда кыргыз тили символ бойдон калбайт. Ал улутту көтөргөн, аң-сезимди ойготкон, келечекти курган чыныгы күчкө айланат, - дейт, Бек Баяманов