www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова журналист Владимир Соловьевдун берүүлөрүнүн биринде айткан сөзү тууралуу комментарий берип, пикир Россиянын расмий позициясын билдирбей турганын айткан. Бул тууралуу ал брифингде билдиргенин,ТАСС агенттиги жазды.
«Биздин өлкөнү тарыхый жактан Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия элдери менен жакшы коңшулук мамилелери, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык достук жана кызматташтык байланыштырат. Байланыштарыбыздын өнүгүшүнө өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген достук мамиледеги мамлекеттердин жетекчилеринин ортосундагы жакшы жеке байланыштар негиз болуп турат», — деген ал.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү журналисттин айтканы жеке каналдагы риторикалык суроо болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
“Мен цитаталарды окудум. Андагы бул сөздөр креслодогу аналитиктер тарабынан провокациялык түрдө Россиянын расмий позициясы катары көрсөтүлгөн. Мындай манипуляция жөн гана кабыл алынгыс”, — деп ырастады Захарова.