www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгышта коопсуздук кырдаалы курчуп, ири державалар этият чараларды күчөтө баштады. АКШ Түштүк Кытай деңизинде турган учак ташуучу сокку берүүчү кеме тобун аймакка жөнөтүп жатат. Маалыматтарга караганда, бул күчтөр Жакынкы Чыгышка болжол менен бир жуманын ичинде жетет. Ак үй Иранга байланыштуу мүмкүн болгон операция тез жана чечкиндүү мүнөздө болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.
Коопсуздук коркунучуна байланыштуу Иран өзүнүн аба мейкиндигин жаап, атайын уруксаты бар каттамдардан башка бардык учууларды токтотту. Мындан тышкары, Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешин шашылыш жыйынга чогултууну суранды.
Европа өлкөлөрү да чара көрүүдө. Британия Ирандагы дипломаттарын эвакуациялап, жарандарына Израилге баруудан карманууну эскертти. Ал эми АКШ Катардагы америкалык кызматкерлерге сак болууну сунуштап, Аль-Удейд авиабазасына каттамдарды чектөөнү карап жатат.
АКШнын чалгын кызматтары Иранга сокку урулса, Тегеран жооп катары Катардагы, Сириядагы жана Ирактагы америкалык аскер базаларын бутага алышы мүмкүн деген баа берүүдө. Аймакта кырдаалдын андан ары кандай өнүгөрү белгисиз бойдон калууда.