www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 13–14-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун Каратал корук участкасында жапайы ача туяктуу жаныбарларды колдоо боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Адистер тарабынан жай жана күз айларында даярдалган табигый чөп, шак-шыпыргылар жана туз белгиленген жерлерге чачылып, жайгаштырылды. Бул чара кыш мезгилинде жапайы жаныбарлардын азыктануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, алардын популяциясын сактоого жана стресстик факторлорду азайтууга багытталган.

Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу Нарын облусунун аймагында жайгашып, Кыргызстандын борбордук тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо маанилүү экосистеманын бири болуп саналат. Корукта аркар, кулжа, тоо эчкиси, марал, элик сыяктуу ача туяктуу жаныбарлар, ошондой эле карышкыр, кар барсы, сүлөөсүн жана башка жырткычтын түрлөр жашайт. Корук сейрек кездешүүчү канаттууларга да бай — алардын катарында тоо казы , кара кунас , каркыра, бүркүт, жана башка жапайы канаттуулардын түрлөрү бар.

Последние новости