www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин өлкөбүз байысын, бутуна турсун дегенге кандайдыр бир күчтөр каршы болуп жаткандай туюлат. Мындай пикирин ырчы Бек Борбиев өзүнүн Facebook баракчасына жазыды.
«Мамлекетибиз светтик өлкө. Андыктан өлкө башчысы саясатты адал, арам деп бөлбөй жасап жатат. Эгерде казинолор көп салык акча алып келсе, жергиликтүү эл ага кире албаса, эмнеге ал акчадан баш тартуу керек. Ажонун милдети элди багуу, экономиканы көтөрүү. Римдин туалеттеринен акча алган император Веспасиану айтмакчы «деньги не пахнут». Баягында уранды иштетпейбиз деп чыкканда да пост жаздым эле. Заманбап технологиялар колдонуп, кырылып калбай эле коңшубуз Казахстан дүйнөдө уран казуу боюнча 3 орунду ээлейт. Айтайын дегеним, кийинки учурларда биздин өлкөбүз байысын, бутуна турсун дегенге кандайдыр бир күчтөр каршы болуп жаткандай туюлат. Ооба андай кызыкчылыгы бар чоң өлкөлөр бар, биз дайым жакырчылыкта жашап, алардан карыз сурап, тизелеп кол сунуп турушубуз керек. Бирок муну түшүнбөгөн өзүбүздүн мекендештер да бар экени өкүндүрөт.
Өлкөбүз халифат эмес светтик, андыктан кыргыз болуп, Кыргызстандын келечегин ойлоп жашайлы. Азыр жөн эле кыргыздай болуп кийинели деп айткандан да көпчүлүк коркуп калды, 10,20 жылдан кийин кандай болот белгисиз. Мамлекеттик саясатка адал, арам деп кийлигишүү мыйзамсыз көрүнүш деп түшүнөм. Албетте бул постко негатив комментер мөндүрдөй жаайт, макул жаабай жүрдү беле. А мен мусулман болсом дагы өзүмдүн көкүрөктөгү жеке пикиримди жазбай кое албадым. Анткени мен кыргызмын, Кыргызстаным деп жашап келем, жашап өтөм.
P. S. Мамлекеттик идеологиябыз жок, башка өлкөнүн, башка улуттун идеологиясы үстөмдүк кылып баратат. Азыр кеч болуп бараткандай, бирок «лучше поздно чем никогда» дегендей ондонолу, эсибизге келели», - деп белгилеген Борбиев.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.
Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.
2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.
Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.
Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.
Булак: NazarNews.kg