www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоголгон жүз миллион. 30 миң жашоочусу Жапалакта 15 жылдан бери жаратылыш газы жок. Бул тууралуу Ош шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев билдирди.

«Урматтуу достор жана шаардыктар!

Жапалак айылындагы газ түтүкчөсү боюнча буга чейин дагы айтып келдик эле. Бир канча жолу айтылганы менен эч кандай жыйынтык болбой келди. Жакында өткөн сессияда бул маселени дагы көтөрдүк. Ош шаардык прокуратурасына сессияда суроо бердим эмне себептен бул башталган иштин аягына чыкпай жатканы боюнча.

Ал иш боюнча ким тарабынан кемчилик кеткен? Тендерди ким, кайсыл компания уткан?

Ошол уткан ООсОбу же жеке фирмаларбы, тендерди уткандан кийин жоопкерчилик ошол ООсОлордо жеке фирмаларда дагы болушу керек да?

Бул ишти мэрия тараптан ким көзөмөл кылган тендерди ким өткөргөн? Жоопкерчилик кимде болушу керек эле?

Ушул маселе боюнча кайдыгер болгон жетекчилерге, тендерден утуп толук кандуу жумушту аягына чырабай качып жүргөн тендербайларды, элибиздин акысын жеп качып жүргөн кишилерди токтоосуз түрдө жооп беришин талап да кылдым. Прокурордун айтуусу боюнча бул маселе боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жакшы ниет кылып туралы, биздин күч органдары бул маселе боюнча тиешелүү кишилердин жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде жоопкерчилике тартыш керек. Шаарыбыздын бюджетине келтирилген зыян акча каражатын баарын кайтарат деп күтүп туралы», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости