www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Бекболот Талгарбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, камакка алынган соң жарандык тартипте соттошуу ниетинен баш тарткан. «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча 14 жылга кесилген Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун абактан чыккан. Андан соң Атамбаев аларды негизсиз түрдө айыптап келгенин жүйө кылып, кадыр-баркын коргоо максатында сотко кайрылган. Талгарбеков мурдагы президенттен 17 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган болчу, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости