www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Б.Талгарбеков: Мамлекеттин бүгүнкү жоопкерчилиги толугу менен бийликтин мойнунда болгону үчүн  убакытты созбой, тез аранын ичинде чечиши керек.

- Бекболот агай, эл уран кенин каздырбоо үчүн болгон каршылыкты көрсөтүп, митингге, жөө жүрүшкө чыга баштады. Бул жагдай эл менен бийликти тирештирип, Кыргызстандагы саясий абалдын курчушуна, бийликке каршы күчтөрдүн күчөшүнө жол ачабы?

- Абалдын курчушу же эпке келиши албетте, бийликке көз каранды. Айтайын дегеним, бул маселеде бийлик элди укса, эч кандай тирешүү болбойт. Бийлик элге бирди айтып, иш жүзүндө уран казалы дегендердин талабын тымызын аткарса, тиреш токтомок турсун, күчөй берет. Анткени, бул жөнөкөй маселе эмес. Бул жерде эл бекеринен каршы болуп жаткан жок. Өлкөнүн, элдин тагдырына кайдыгер карай албагандар уран кенин казууга каршы болуп, нааразычылык акцияларына чыгып жатышат. Жогору жактагылар элдин үнүн угуп, уран казууга биротоло тыюу салып койсо, мамлекет үчүн да, эл үчүн да  пайдалуу болмок. Эгерде аны “карап көрөлү, изилдейли, узарталы”- деген оюнга кетип калышса, анда бул маселе татаалдашып кетип, оңой менен токтобой калат. Башкача айтканда, нааразычылык акциянын түрлөрү уюшулуп, кырдаал күндөн-күнгө курчуйт.   Анткени, бул маселе токтомоюн эл токтобойт. Бүгүн эл Балыкчыдан чыкса, эртең нарындыктар, бүрсүгүнү чүйлүктөр, анан Кыргызстандын башка регионундагылар кошулуп, чыр күч алат. Ошондуктан, бийлик азыртан туура чечим кабыл алып, уран казууну биротоло токтотуп, чалгындоого лицензия бергендерди жазалашы керек. Болбосо элдин көксөөсү суубайт.

Бийликтин уран казууну биротоло токтотуп коюуга күчү да, эрки да жетпейт, “аны иштетүүгө Кремль кызыкдар” дегендер да четтен чыга баштады. Эгер Кремль чындап уран казууну кааласа, азыркы бийлик элдин каршылыгын эске албай, уран казууга аргасыз болобу?

- Балким, алар туура айтып жаткандыр. Бирок, Россия ушундай кысым көрсөтүп жатат. Бийлик “алардын айтканын аткарууга аргасызбыз”- деген кадамга барса, аягы жаман нерсе менен бүтүп калышы ыктымал. Ошондуктан, бийлик уран маселесинде Россиянын компанияларынын кызыкчылыгын эмес, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын биринчи планга коюшу керек. Бийликтин уран казууну токтотууга күчү жетсе, эл арасында абройу жогорулайт. Күчү жетпесе бул маселенин жыйынтыгы үчүнчү революцияга алып келиши толук мүмкүн. Ошон үчүн бийликтегилер элдин бүгүнкү кооптонуусун, көксөөсүн тезинен басып, “уран кени эч качан иштетилбейт!”- деп бул маселеге чекит коюшу керек. Анткени, элдин нааразычылыгын Атамбаевге окшогон деструктивдүү күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн. Мамлекеттин бүгүнкү жоопкерчилиги толугу менен бийликтин мойнунда болгону үчүн  убакытты созбой, тез аранын ичинде чечиши керек. Бул маселеде президенттин элге берген убадасы менен жасаган иши дал келиши керек. Эгер элди сооротуп коюп, тымызын иштетүүгө жол ачса, кечиримсиз иш болуп калат. 

- Президент уран кени боюнча позициясын билдиргенден кийин эл алдында анын кадыр-баркы көтөрүлдүбү?

- Президенттин уран боюнча позициясы чыны менен мактоого аларлык иш болду. Эми аягына чейин сөзүнө туруп, элге берген убадасын аткарышы керек. Анткени, президенттин уран казууга каршы чыкканы  бийликтин кадыр-баркы жогорулашына сөзсүз салымын кошот. Эми жогоруда айткандай уран казууга кызыкдар болгон кожоюндарды атаса, уран казууну түбөлүк токтотсо, бул бийлик эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болот. Өлкөдө тынчтык болуп, ынтымакка келебиз. Президент айтканын аткарбаса, үчүнчү революцияга жол ачат.

Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Уран казуу ишин Чернобылдын маселесине теңеп карашыбыз керек. Чернобыль Советтер союзу үчүн кандай оор маселе болсо, уран маселесинин кесепети да Кыргызстанга андан кем эмес болуп калышы толук мүмкүн. Ошон үчүн Чернобыльга жеткизбей өлкөнү сактап калышыбыз керек. Бул жерден президент жакшы иш кылды.   

- Мухамедкалый Абылгазиев буга чейин уранды чалгындоого кимдер кол койгонун жар салды. Ал өзү жоопкерчиликтен качып, алардын атын атадыбы же уран боюнча болгон чындыкты коомчулукка айттыбы?

- Менин оюм боюнча  бул жерде толук чындык айтылбай жатат. Себеби, “лицензия уран кенин чалгындоого берилген” деди.  Демек ага чыныгы кожоюндар эмес, экинчи катардагы фигуралар, башкача айтканда, аткаруучулар кол койгон. Ошон үчүн премьер-министр уран кенин иштетүүгө кайсы президенттин кандай кызыкчылыгы болгонун,  чыныгы кожоюндар эмнени каалашканын ачык айтса болмок. Анткени, лицензияга кол коюп, узарткандар мамлекеттеги биринчи адамдын уруксаты жок иш кыла алышпайт.   Эгер чындап эле Отунбаева, Атамбаевдин убагында  берилген болсо, “алардын мындай кызыкчылыктары болгон”- деши керек эле. Антип айтпаганынан улам, “өздөрүнүн да кызыкчылыгы барбы?”- деген күмөн саноо бар. Ошон үчүн чындык төө бастыга алынып жатабыдеп шек санап жатам.

- Алмамбет Шыкмаматов менен Алтынбек Сулайманов уран кенин казууга 50 жыл мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Бул мыйзам колдоого алынабы же тоскоолдукка учурайбы?

- Бул мыйзамды депутаттар кабыл алып да коюшу мүмкүн. 50 жыл эмес, кеминде 100 жылга мораторий жарыялансын дешсе болмок. Эгер мен Шыкмаматовдун ордунда болсом  “зыяндуулугу жогору уран кени түбөлүк казылбасын”- дегенди мыйзамга киргизип, мораторий жарыялансын демекмин. Анткени, уранды казууга кылымдар бою уруксат бербешибиз керек. Тоң районундагы уран казган жер тоонун арасында, элден алыс жайгашкан жерде эмес. Дайым шамал болуп турган жерде жайгашкан. Уран казыла баштаганда эле урандар уча баштайт. “Уранды зыянсыз ыкмалар менен казат”- деген - болбогон жомок. Алар мындай аракети менен эч кимди ынандыра албайт. Ошон үчүн уранды түбөлүк казбаш керек. Уран кени Кыргызстанга эч качан  жакшылык алып келбейт. Маселен, союз мезгилинде Майлы-Суу шаарындагы уранды көмдүк дешкени менен азыр да  радиациялык фон күчтүү. Ураандын калдыктары калган үчүн ал жерде ооруу да көп.  Кокус ал жердеги уран ачылып кетсе, катастрофа болот. Тоңдогу уран кенин ачуудан мурун Майлы-Сууда атом бомбасы жатканын, ал жердеги маселе азыр да кооптуу экенин унутпашыбыз керек. Уран кенин иштетебиз деген жеткен акылсыздык, чыккынчылык экенин түшүнүшүбүз керек. Президент “таптакыр ачылбайт” деп, бул маселеде кимдир бирөөгө милдеткор болбой, уран кенин иштетүүгө караманча каршы турушу керек.

- Россия акыркы үлгүдөгү аскердик техникаларын белекке берип, кыргыз бийлигин уран казууга милдеткор кылып койгон жокпу?

- Андай күмөн санаган ойдун да жаралып жатканы мыйзам ченемдүүлүк. Себеби, биз өлкө үчүн кооптонушубуз керек. Бирок, бизде бийлик аскердик техникаларды уран каздыруунун эсебинен алды деген факты жок да. Бийликтин кадамдарын көрөбүз. Эгерде бийлик айландырып, түрдүү шылтоолорду таап, уран каздырууга жол ачса, мунун арты жакшылык менен  бүтпөйт. Ошондуктан, уран казуу маселесинде бийлик өтө сак  болуп, акыл-эс менен чечиши керек. Президенттин уран темасы боюнча пикирин билдирип, “казылбайт” дегени мактоого татырлык иш болду. Эми калган картаны ачып, уран казууга кызыкдар болгондордун атын аташы керек.

- Чалгындоого лицензия берилгени менен уран бир канча жылдан бери казылып, “Кара-Балтада иштетилип жаткан экен” деген да маалыматтар чыкты. Эгер эбактан бери уран казылып жатканы чын болсо, неге ал маселе азыр гана ачыкка чыкты?

- Бул маселе Атамбаевдин бийлиги кылмышка түздөн-түз тиешеси бар деген божомолго негиз берип жатат. Азыркы бийлик таза иштеп, элдин кызыкчылыгын эске алып жатабыз дегени чын болсо, дыкат текшерип чыгышы керек. Сүрөттөрдөн уран казылып кетип жатканын көрдүк. Бийлик ошонун баарын тактап, комиссия түзүп, канчасы казылып кеткенин иликтеши керек. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң чоң маселе ушул болуп турат. “Уран казылбайт” деген менен маселе чечилип калбайт.  

- Эми уран кенин чалгындоого лицензия алган компаниянын чыгымын Кыргызстан төлөш керекпи? Эл “уран каздырбайбыз” деп чыккан күнү жанталашышып, “баланча миллион долларыбыз кеткен” деп чалгындоого уруксат алган компания пресс-конференция беришти го?

- Ал маселеге кол койгондор эмес, уран казууга кызыкдар болгон кожоюндар жооп бериши керек. Бул маселеде ачык айкындуулук орун албаса, чындык төө бастыга кала берет. Ошон үчүн  уранды иштетүүгө кимдер кызыкдар болгону ачык айтылышы керек. Абылгазиев лицензияга кол койгондордун атын атамыш болгону менен, кожоюндары көмүскөдө калып, авторлорун билбей жатабыз да. Абылгазиев айткан фамилиялар ТЭЦтеги Сапар Исаков сыяктуу аткаруучулар болуп жатпайбы. ТЭЦ боюнча күнөөлүүлөргө сот башталды дешкени менен ким акчаны алганы, коррупциялык иштердин башында ким турганы айтылбай жатпайбы. Бул жерде дагы чыныгы кожоюндун эмес, аткаруучулардын гана аты аталып жатат.

Эгерде бийлик чындыкты айтам десе, анда кожоюндарын атын аташ керек. Эгерде ТЭЦтей кылып, чомполоп жаап салабыз дешсе, чалгындоого лицензия бергендерди жоопко тартып, ары-бери сүйрөө менен алек болуп калышат.

- Башкаларга сабак болуш үчүн не кылыш керек?

- Башкаларга сабак болуш үчүн мамлекетке, элге чыккынчылык кылгандарды  жазасыз калтырбаш керек. Башкача айтканда, кожоюндарын таап, жазалап, кол койгондорду кожоюндарга жардам бергени үчүн шалаакылык боюнча  жазалаш керек. Башкы чечимди кимдер кабыл алса, ошолордун  аты-жөнүн аташ керек. Кол койгондор башкы чечим чыкпаса, кол коё алышмак эмес. Алар бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып, кол коюуга аргасыз болушкан. Бийлик кол койгондорду эмес, кожоюндардын атын атамайын чыр уланып кетээрин түшүнүшү керек. Ошон үчүн аттарын аташы керек. Болбосо чындык орнобойт. Эгер бул ишке бийликтегилер өздөрү да малынган болсо, кол койгондорду сүйрөп жүрө берет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

 

Последние новости