www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекболот-байке, Аскар Акаев кызматтан кеткен кезде анын жанында колдогон саналуу гана адамдар калды, ошонун бири сизсиз. Канча жылдан бери Кыргызстанга келе албай, кайтыш болгон бир тууган агаларына бир ууч топурак сала албай жүргөн Акаевге Кыргызстанга кайтып келишине жол ачып бердиңиз. Сөздү Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши боюнча баштасак…

Б. Талгарбеков: —Маселенин баары элибиз ынтымакта, биримдикте болсо дегенге келип такалат экен. Улам жаңы бийлик келген сайын ойлоп жаттык, ынтымак орношу үчүн 1-президентти алып келиш керек деп.

Бакиевдин учурунда түшүнүктүү болчу, жаңы эле кетип, Аскар Акаевичти каралоо абдан күч болчу. Атамбаев келгенде бираз аракет кылдык, бирок ал дароо эле Акаевди жамандап жатып алды. Эки агасы өткөндө топурак салганга дагы мүмкүнчүлүк берген жок.

Сооронбай Жээнбековдун учурунда эки тараптан аракет кылдык. Биринчиси, Россияда кыргыз мигранттарынын 81 уюму бар экен, ошонун баары кол коюп, 2019-жылы май айында делегация менен кат киргизди. Бирок, ага жооп болбоду. Июнь айында Кыргыз Республикасынын баатыры Мамбет Мамакеев: «С. Жээнбеков менен жакшымын, депутат болуп иштегем, сөзүм өтөт» деп кирип, маселени айтты.

Жээнбеков «Көрүп жатпайсызбы, азыр Атамбаев менен кармашып жатам, ушул ишимди бүтүргөндө сүйлөшөлү» дептир. Кийин пандемия башталды, ошентип бүтпөй калды. Былтыр февраль айында Москвага барып, С. Жапаров «кыргыз элин ынтымакка алып келем» деп программасында айтты, Аскар Акаевич, Кудай буюрса август айында келесиз» дедим.

Биз эгемендүүлүк майрамына алып келсекпи деген элек. Анан коомдук пикир боюнча иштеп баштадык, анткени Аскар Акаевичти өтө каралап коюшкан эле да. Чындыкты жеткириш үчүн аракет кылдык. Бекен (Назаралиев) өзүң бардың, Нышанбек (Кочкоров) барды, ал киши силерге өз чындыгын айтып берди. Ушул жерде Аскар Акаевич боюнча кичине токтоло кетейин.

СССР кулаганда, империя кулады деп айтылган. Бардык империялар кулаганда сөзсүз кыйроо процесстери жүрөт. Бизде кыйроо башталып, 1990-жылдагы жетекчилердин алдында эң чоң эки маселе турду. Биринчиси согуш болтурбоо, экинчиси элди ачкачылыктан сактап калуу. Тажикстандын колунан келген жок, согуш болуп кетти.

Кавказда Армения, Азербайжан, Грузияда согуш болду. Москвада дагы Ельцин парламентти танка менен аткылатты. Кудай жалгап, казак, өзбек, түркмөн, кыргызда согуш болбоду. Экинчиси, баарында каатчылык болду, бирок ачарчылыкка жеткирбей, Акаев чыгарып кетти. Сомду киргизгени, бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киргизгени, жер реформасын жүргүзгөнү кийинки пландагы маселелер.

Мына ушуну баалабаган адамдар азыр да арабызда бар. Арийне, былтыр келгенден кийин эл менен жолукканда кадыр-баркы аябай жогору экенин көрүп абдан кубандык. Азыр Акаевди кимдер жамандап жүрөт? 1-Аскар Акаевдин учурунда кызматтан түшүп калган 5–6 адам бар, алардан сырткары кызмат албай калгам деген 5–6 адам бар, ошолор жамандайт.

Калганы Кудайдан жөө качкандар. Аскар Акаевди жамандап жүргөндөрдүн бирөө дагы кыргыз элине мен момундай эмгек сиңиргем деп айталбайт. Ал эми акыл-эстүү кишинин баары сыйлайт. Сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун эмгегин белгилешибиз керек, улам айттырып жаттык.

Кийин өзү Аскар Акаевичке телефон чалып, «Кумтөр боюнча айтып, таза болсоңуз акталып албайсызбы» деген экен, макул көрүп келди. Жолдорун көрсөтүп берди. Мындан баары утту. Биримдикке деген чоң кадамды жасады.

Б.Н: —Учурунда Акаевди үчүнчү мөөнөткө барбай эле коюңуз дегенди айта алдыңыздарбы?

Б. Талгарбеков: —Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө барам деген эмес. Эгерде күз келип калып конкреттүү бара турган болсо, анда биз айтмакпыз. Жаз болчу да. Шайлоого барар-барбашы тууралуу сөз жок эле.

Баш мыйзам кабыл алынган. Эки эле жыл деп турган. Үчүнчү мөөнөткө баруу планы жок болчу. 2000-жылы экинчи мөөнөт деп барган. Экономикалык өсүш болгондо биротоло жасайын деген. 2005-жылы дагы бир мөөнөткө калмак деген жөн гана божомол.

Б.Н: —Ошол кезде Аскар Акаевдин айланасында жүргөн жакын санаалаштарынын арасында «Бермет менен Айдарды саясатка аралаштырба» деген киши болгон жокпу?

Б. Талгарбеков: —Ал кадам катачылык болгон экен. Моюнга алыш керек, туура эмес болгон. Аскар Акаевич кетүүгө камынып, не бар не жок, артымда өбөк-жөлөк болуп турсун деген ой болгон экен.

Депутат болуп турушса деген пендечилик болуптур. Чынында бул Аскар Акаев тараптан кеткен саясий ката, туура эмес чечим болгон экен. Араң турган элдин нараазычылыгын жаратты. Катаны ката деш керек.

Б.Н: —Акаев келгенде каршы чыккандар болду, Ташиев менен Жапаровдун сөзү эки башка чыгып жатты. Бирок, Садыр Жапаров өзүнүн айткан сөзүнө турду, аткарды. Четте жүргөн президенттерди алып келем деген сөзү башталды.

Ошол эле учурда Белорус жергесинде, четте жашап жүргөн экинчи президент, Бакиев бар. Ал кишини Атамбаевдин бийлиги сыртынан эле соттоп койду. Атамбаев атаандаштарынан өч алгандай таасир жаралды.

Б. Талгарбеков: –Ушул кезге чейин Акаев менен Бакиевди бири-бири менен душман көргөзүп жүргөндөр бар. Ушул боюнча бир эпизодду айткым келет, 2005-жылы январдын аягында, шайлоого бир ай калганда Таштемир Айтбаевдин апасы каза болуп калды. Жайга койгону барып, жерге бергени жатканда карасам Бакиев жалгыз туруп калыптыр.

Мен өкмөттүн аппарат башчысы элем, жанына басып барып, сүйлөшүп калдык. Ошондо «Бекболот, азыр Аскар Акаевичтин акыбалы оор. Түштүктө боевиктер даярдалып жатат, алар келсе чабат» деди.

Кырдаалдан чыгуунун кандай жолу бар десем, «Бизди Аскар Акаевичтин тегерегиндегилер душман кылып жатышат. Мен Акаевдин кадрымын, Отунбаева да Акаевдин кадры, бизди эмне үчүн жээрип жатат? Мени чакырсын, сүйлөшөлүк. Аскар Акаевич «мен президенттикке барбайм» деп айткандан кийин, анда мен чыгайын дегем. Анан эле мени тепкилеп жатышат.

Чакырсын, «эгер мен жолун таап президенттикке кайра барам» десе, анда мен унчукпай отурам» деди. Мен ошондо гана Курманбек Бакиев Акаевге каршы болгон эместигин, сактап калайын дегенин түшүндүм.

Эгер кабыл алса боевиктер даярданып жатканын айтып берип, төңкөрүштү болтурбоого аракет кылайын деген экен. Мен өкмөттө иштегендиктен Президентке киргенге акым жок болчу. Укканымды администрация жетекчиси Тойчубек Касымовго төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал киши Аскар Акаевичке жеткирдиби-жокпу аны билбейм.

Ушуну Аскар Акаевичтен сурайын деп, эч эсиме келбей жүрөт. Төңкөрүш болуп кетти, Бакиев бийликке келип калды. Анан кырдаалга жараша эл менен кошо жамандады. Ишти жакшы баштаган эле, бирок Максимди, Жанышты бийликке аралаштырып жибергени катачылык болду. Бирок, апрель окуясына толугу менен Бакиевдер күнөөлүү дегенге таптакыр макул эмесмин.

Себеби, ошонун астында, 2010-жылы февраль айында мени Темир Сариев чакырды, «Байке, бизге келиңиз, жардам бериңиз, сиздей кишилер керек болуп жатат» деп. Ошондо мен Сариев, Текебаев, Жекшенкулов менен тыгыз мамиледе болуп калдым.

Март айында Текебаев менен жолукканда митингдер менен эле күзгө өтүп кетебиз го десем, Текебаев: «Жөнөкөй митингдер болсо күзгө өтүп кетебиз, бирок Алмаз Атамбаев «Биз куралдуу күч менен гана басып алышыбыз керек, башка жол жок» деп, даярданып жатат» деди. «Точно» даярданып жатабы десем, «Эми мен анысын билбейм, бирок ошентип сүйлөп жатат. Жакында куралдуу төңкөрүш жасайбыз» деп жатат» деди.

Б.Н: —Кийин далилденди да?

Б. Талгарбеков: —Ооба, Текебаев айткандай, Атамбаевдин куралдуу төңкөрүшкө даярданганы кийин далилденди. 7-апрель күнү иш эмнеден башталды? Иш Сокулук районунун акимчилигин басып алганыбыздан кийин башталды.

Аянтка кийин өттү. Мен штабда отурсам, биздин жигиттер айтып калды, “Саат 10до Сокулукта митинг кылып жатабыз” деп. Мен макул, митинг кылгыла дедим. Бираздан кийин эле “Биз барып басып алдык” дешти.

Ошондо, иш жүзүндө биз баштадык. Сокулук районунун акимчилигин саат 10–11лер чамасында басып алдык. Анан Ала-Тоо аянтында уланды. Мен ал жакта болгон эмесмин, эмне болгонун билбейм. Аны Кайып Шер айтып берет, менин билгеним ушул. Кийин 2012-жылы болуш керек, сиздердин “Жаңы Ордо” гезитине интервью берип, ошол 7-апрелде Ала-Тоо аянтында жигиттер өлгөндүгү үчүн кечирим сурагам.

Убактылуу өкмөттөрдөн же Бакиевдер тараптан эч кимден суралган эмес. Ала-Тоо аянтында окко учуп каза болгондордун жакындарынан жалгыз мен кечирим сурагам. Башка эч ким сураган эмес. Моралдык жактан күнөөм бар.

Б.Н: —Маек бергениңиз эсимде. Баса, Текебаев куралдуу төңкөрүш боюнча айтты беле?

Б. Талгарбеков: —Өмүрбек мага ошентип айткан. Өз көзүң менен көрдүңбү, анын канча куралы бар десем, “Жок, даярданып жаткандары боюнча менде фактылар жок.

Бирок, ал айтты, “биз куралдуу күчтөр менен алышыбыз керек, даярданып жатам” деди. Мен аны 100% чындык деп дагы айта албайм” деген. Болгону Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзүн гана айтып берди да.

Б.Н: —Бекболот байке, бийликти төңкөрүш, кандуу жол менен басып алгандарга аралаш болбосоңуз, эмнеге кечирим сурадыңыз?

Б. Талгарбеков: —Мен штабда алар менен чогуу болдум да. Сариевдин штабында партиянын аппарат жетекчиси катары 3 ай иштегем. Ошол учурда митинг, пикеттерди уюштурдук.

Алтысында Темир Сариев Москвага кеткенде жетекчи болуп отурдум. Ошол учурда балдар келишти “Нарынга баратабыз” деп. Аларды уюштуруп Нарынга жөнөттүм. Бирок, мен куралдуу төңкөрүшкө катышам деп ойлогон эмесмин да. Мен митинг менен кетиребиз го деп ойлогом.

Б.Н:—Бир сөзүңүздө Аскар Акаевичтин жакын адамы экениңизге карабай туруп, ошол кездеги президент Бакиев сизди кызматка чакырганын айттыңыз эле. Ошондо эмне үчүн барган эмессиз?

Б. Талгарбеков:—Жаңы бийликке келгенде, 2007-жылы болсо керек Камчыбек Ташиев (2006-жылдагы митингде коргоп жүрүп анын жакын адамы болуп калбады беле) айтып калды, “Байке, мени төргө отургузуп алып өзү чай куюп берип жатат, бардык маселеңди чечем деп жатат, менин маселем бирөө, сизди министр кылайын же кааласаңыз губернатор кылайын.

Керек болсо эртең эле барып указ чыгартайын” деди. Мен дароо жок дедим. Бул бийлик Акаевди каралап жатат, анан мен барып отуруп алсам туура болбой калат дедим. Андан кийин досу президенттин кеңешчиси Нурманбет Токтоматов да сунуш кылды, анда да барган жокмун.

Кийинчерээк мага президенттин дагы бир кеңешчиси Нурлан Шакиев сунуш кылды. “Курманбек Салиевич менен отуруп сиз жөнүндө сөз кылып койсом “Бекболот мужик” деди. Сиз жөнүндө ою ушунчалык сонун экен. Сиз макул десеңиз сунуш киргизейин, министр кылабыз” деди. Мен баш тарттым. Төртүнчүсүндө Жаныш Бакиевден сунуш түштү, “Нарынга губернатор болуп барыңыз” деген.

Булар туура эмес жолго түшүп алды, Максим, Жаныш киришип кетти деп аралашкан жокмун. Мына ушундай моралдык нерселер Бакиев менен чогуу иштешүүгө жол берген жок да.

Бирок, ыраазылычык билдирип келе жатам, кандай болгон күндө дагы кызмат сунуш кылышты да. Үч жолу жанындагылар сунуш кылса, төртүнчүсүндө өздөрү түз эле Нарынга барып иштеп бериңиз, бир жылдан кийин кааласаңыз Айыл-чарба министри кылып алып келели деп айтышкан.

Б.Н: —Кайып Шер мырза, мына Бекболот байке биз билбеген чоң сырдын бетин ачып жатат. 7-апрелде чыкканда сиздер билдиңиздер беле куралдуу төңкөрүш болорун?

Кайып Шер: —Электр жарыгы, уюлдук телефонго болгон төлөм кымбаттайт экен деген сөздөр тарап, ошол үчүн чыкканбыз да. Биздин максатыбыз митинг кылып, бааны төмөндөтүү болчу, ошол ой менен Акүй алдына барганбыз.

Ал жерге биз кан төгүш үчүн же Бакиевди кетирүү максатында барган эмеспиз. 17-март күнү «Форумда» жыйын болгон. Ошондо бир жөрөлгөлөрдү жасашып, кара чүпүрөктөрдү байлап учурганда анысы асманга учпай даракка байланып калган. Ошондо мен атаңдын көрү, булардыкы соо болбой калды го дегем.

Жыйын башталганда Бекназаров: “25-мартта чоң митинг болот” деп жалпы элге айтты эле, Атамбаев сөзүн жыра тартып жулуп алып: “25-мартта болбойт, андан кийин болот” деди. Чогулган элдин анча-мынчасы кыртыйып, Атамбаев уюштуруп жаткан турбайбы деп шыпшынышкан. Айтылгандай эле 7-апрелге белгиленип, митинг уюштурулду.

Тууну биз көтөрүп чыктык, тынчтык митинг болот экен деп. Колубузда таш дагы жок болчу. Биз өзүбүздүн көйгөйлүү пикирибизди бийликтегилерге билдирели деген ой менен келгенбиз. Ал кезде курал жөнүндө сөз да жок болчу.

Митинг башталганда Свердлов районунун начальниги Рысалиев былк эткен жок. Октябрь районунун милиционерлери элге биринчи тап койду. Эл ошондо колдоруна таш ала баштады.

Б.Н:—Анткени, Рысалиев Отунбаева менен Болот Шерди колдоп жүргөнү белгилүү болчу…

Кайып Шер: — Жалгыз Октябрь районунун тартип сакчылары аракеттенди. Ошонун ичинен бир подполковник элди жалгыз эле кубалап койду. Анан эл улам-улам келип отуруп көбөйүп кетти.

Айрымдары кармалып калган милиция кызматкерлеринин шымын чечип, кырдаал такыр башкача боло баштады. Ошол жерде айттым, балдар иттик кылбагыла деп.

Биз тынчтык митингине келгенбиз, милициянын шымын шыпырган уят деп бери карай бурулсам, мурун сүйлөшүп алгандай автомашинадагы “спецназ” куралын калтырып, күлүп жайнап түшүп кетишти. Таң калдым.

Атканды билбеген балдар автоматтарды алып жатышты. Көрсө, «Форумга» жакын жерге курал-жаракты таштап кеткендеринде кеп бар экен.

Б.Н.: —Кайып Шер, ушул жерде Бекболот байкенин айткан сөзүнүн чындыгы келип жатат да. Атамбаевдин “курал менен болсо да бийликти алабыз” дегени ачыкка чыгып жатпайбы. Куралды атайын элге таштап кетип жатат да. Куралды алгыла, аянтка баргыла дегени го…

Кайып Шер: —Буга чейин биз бир топ митингдерге катышып келгенбиз да, мындайды көргөн эмеспиз. Курал көтөргөн балдар болгон эмес, аларды эл башкача карап жатты. Элден чочуладыбы ким билсин, эмнегедир куралчан балдар артта калып калды.

Биз тынчтык митингин улап, Ала-Тоо аянтына бет алдык. Кетип баратсак Токтайым эже (Т. Үмөталиева) айтып калды, “президент мен болгону жатам. Мен Путин менен сүйлөштүм” деп.

Менин бутум сынык болгондуктан машинанын үстүнө отуруп алдым. Аянтка келгенде Токтайым эжебизге бирөөлөр тынбай чалып жатты, колунан телефон түшпөдү.

Көп өтпөй, “Эй, балдар, мени каткыла, мени кайтаргыла, азыр мени атып салат!” деп ызы-чуу кылып жатты. Токтойым эже менен куралчан балдар кетти. Биз аянтка эч кандай куралсыз келдик. Кийин көргөн балдар дагы айтып жатты, “ок аянттан чыкты, биз менен келген балдар атты” деп.

Б.Н.: —Бекболот байке, Кайып Шер айтып жүрөт, Атамбаевдин телохранители болуп жүргөн Болот Сүйүнбаев ошол учурда Акүй тарапты көздөй атып, чагым уюштурган экен. Атамбаев аны кийин генерал кылды го…

Кайып Шер: —Мен мына куттуу жерде силердин алдыңарда айтайын, мага Сайранбек Жумаев деген азыр ушул тапта Нарын облусунда экотехинспекциясында иштеп жаткан, мурда Сүйүнбаевдин кол алдында иштеген бала бир күнү “Кайып Шер, карачы, бул жакта коррупция болгону жатат, ундар сатылып жатат” деп калды.

Көрсө, Атамбаев айтыптыр да Сүйүнбаевге “ун сатып, карыздарды алып келгиле” деп. Тиги бала аны кайдан билсин. Анан ал баланы Болот Сүйүнбаевге ээрчитип келсем, “Эй Кайып Шер, мени каякка алып келдиң эле” деп жатпайбы.

Мен Атамбаевге алып келдим десем, “бул баягы “капюшон” кийип келип, Акүйгө алгачкы ок чыгарган бала” деп жатпайбы.

Б. Н.: —Ошондо ок биринчи митингчилер тараптан чыкканбы? Силер келгенде канча бала өлдү эле? Ошол боюнча айтсаң?

Кайып Шер: —Биринчи ок биз тараптан чыкты. Анан кийин Акүй тараптан батыр-татыр болуп кетти. Түнкү 12ге чейин аянтта болдум, ошол күнү кечке чейин 15 өлүктү өз көзүм менен көрдүм.

Ал жерде мени дагы уруп кетишти. Ошол жерде бир Марипа деген аялды көрдүм, азыр баатыр болуп жүрөт. Ошол кечке маал айтып калды, “мага дагы жамбашыма ок тийди, резина ок окшойт” дейт. Бирок, кадимкидей басып жүрөт жаныбызда. Больницага алып барсам качып кетти, уялдыбы же жөн айтып койгонбу билбейм.

Бирок, кийин үй алды “Апрель баатыры” деп. Кечээ деле митингде жүрдү, Атамбаевди колдоп. Ушундай окуялар болду. Ал жерде мас кишилер көп келди. Бир баланы көрдүм, аны наркотик тартып алган же арак ичип алган деп айталбайм. Бирок, ошол бала ар кимибиз менен коштошуп, Акүйдүн дарбазасына ачкыла деп тап койду. Анан наржактагы солдаттар тизилип, атып жатты.

Машина айдаган бала аларга тап берип кирди. Анын артынан солдаттардан тартып алган машиналар келип, атышып жатты. Мас адамдар көп болду. Темир Сариев өзү чыгып айтты, “мына арак түгөндү, эми Акүй тарапка баспагыла” депчи. Ошол маалда Т. Үмөталиева келип калды элди атып жатканда. Сариев сүйлөшүүгө кирип кетти.

Кийин “Мен киргенде тилдедим, элди эмне атып жатасыңар” деп мактанып жүрдү. Ал жерди кайтарган балдар айтып берди, Сариев киргенден кийин 20 минутадай холлдо туруптур. Андан кийин Данияр Үсөнов үстүнөн түшүп келип, экөөбү кучакташып күлүп-жайнап кирип кетишиптир. 2010-жылы Акүйдү кайтарган бала: “Сизге бир сырды айтып коёюн” дейт, “Экөөсү эмне кылып жатыптыр деп кирип барсам, арак ичишип отуруптур” дейт.

Б.Н.: -Жанагы Бишкек шаарындагы моргго барганда ал жердин жетекчиси “октор астынан эмес, арт жагынан тийиптир, мына” деп бизге көрсөттү. Бул фактылар Рыспек Өмүрзаковдун китебинде дагы жүрөт.

Бул жерде Россиянын да митайым саясаты бар. Ошол кезде «Манас» аэропортундагы Гансини Бакиев чыгарбай койбоду беле. Булар баягы империялык дымагы менен, “кайдагы бир Кыргызстандын президенти бизди алдады” дегендей кылып кыр көрсөтүп. Анан ошол менин укканым боюнча, балким силер деле уксаңар керек, жанагы биздин Алтай жактагы туугандарыбыз келген дешет.

Атайын кызматта иштеген хакас, тува, якуттар Канттан келген деп жүрүшөт. Анткени, атылган октор өлгөн адамдардын артынан тийген дейт. Жанагы эки спринтер менен келгендер дагы арттан атып, баштап койуп кетип калышкан деген маалыматтар бар. Бакиевди ушунчалык жек көрүндү кылыш үчүн, канкор кылыш үчүн ошол жанакы башка жактан өлгөндөрдү да моргго алып келип тыгышкан дейт.

Жанагы этиль спирттерин өтө чоң көлөмдө, орточо, анан аз көлөмдө жанагы сен айтып жаткан ичимдикти берген. Жамгыр жаап жатса, көйнөктөрүн чечип жыртып атпайбы? Ошондо Россиянын атайын кызматынан аралашкандар бар деп айтылган, анан кийин жанагы Атамбаев чыкпадыбы. Кийин курал-жаракты алып келип таштап коюшу мүмкүн да.

Анткени, Альфанын балдары оңой менен колундагы куралды башка бирөөлөргө тарттырып жиберишпейт, беришпейт дагы. Жаштар колуна курал тийгенде аткысы келет да.

Кайып Шер: —Куралды жанагынтип өткөрүп беришти да. Анан аянтта жанагыдай окуя уланып кетти. Мастар кандуу окуя, өлүм болорун билбесе керек. Карап турсак арасында жүргөндөр күүлөп коюп жашынып жатты. Чуркагандардын бирине резина ок тийсе, башкасы таш ыргытып жатты.

Арасынан чыга калган автоматчан балдар тызылдатып эле атып жүрүштү да. Биз туу көтөрүп турдук. Ал жерде ар кандай түшүнүктөгү элдер болду. Куралдуу төңкөрүштү Атамбаевдин тарапташтары билген окшойт, аны биз кийин түшүнүп калдык.

Тынчтык митингге чыккан, чарбалык же тиричилик маселелерин көтөргөндөр ал жерден тез эле оолактап кетишти. Жаштар гана кызуу кандуулук менен жүрдү. Менин күйгөнүм, ал жерде Атамбаевдин, Отунбаеванын, Каптагаевдин, Сариевдин ж. б. балдары болгон жок.

Ушул факты дагы алардын куралдуу төңкөрүшкө даярданганын тастыктайт. Балдарыбыз бөөдө окко учпасын дешип, чыгарышкан эмес.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости