www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1995‑жылы Кадамжай райондук басмаканасынан 1500 нуска менен жарык көргөн Имамиддин Исаковдун «Тарых жана инсан, Абдыкадыр Орозбеков» деген китебинде бир топ баалуу материалдар, тактап айтканда, коомчулукка белгилүү Абдыкадыр Орозбековдун чогуу иштеген досторунун жана замандаштарынын эскерүүлөрү басылыптыр. Урунттуу учурларына сиздердин назарыңыздарды буралык.

Жаңжылдын чечилиши

Революцияга чейин Фергана өрөөнү бүтүндөй эле Кокон хандыгынын кол астында болгону баарыбызга белгилүү. Өзбектин жери, кыргыздын жери деген бөлүнүш таптакыр болгон эмес. Совет бийлиги орнотулган алгачкы жылдарда Үч-­Коргондун жарымы Фергана уездине, жогору жак жарым тарабы Ош уездине баш ийип калган болчу.

Негизги себебин билсек ошол жылдарда Үч-Коргон экиге бөлүнүп калган эле. Кыштактын борбору көпүрөдөн жогору жагындагы Жолбан участкасы Исфайрамдын сол жээги, Кыргызстанга, төмөнкү бөлүгү болсо Өзбекстанга карап калган.

Бир элдин, бир кыштактын эли республикага бөлүнүп жашап калуусу калктын экономикалык-маданий турмушуна таасирин тийгизген. Үч-Коргондуктардын бир республикада жашоо маселесин көтөрүп чыккандыктарынын негизги максаттары да ушул болчу.

Ушул маселени чечүү үчүн Үч-Коргонго Кыргызстан жумуруятынын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков жана Фергана дубанынын аткаруу комитетинин төрагасы Исраил кожо Алиходжаевдер келишкен эле.

Үч-Коргон менен Кызыл-­Кыянын ортосундагы Сайбексары жалаңында чоң элдик жыйын өткөрүлөт. Жыйынга Үч-­Коргон, Кызыл-­Кыя, Караван, Марказ, Тактек жана башка жерлерден көп адамдар келишти. Жыгачтан бийик трибуна жасалды.

Митингди Алиходжаев ачты. Андан кийин сөзгө чыгуулар, ой бөлүшүү, тартышуулар, кыйкырык-чуулар акыры жаңжалга айланып кетти. Ошол кезде Үч-Коргон, Кызыл-­Кыя, Караван, Фергана уездине карачу.

Караван волостунун аткаруу комитетинин төрагасы Хамидбектин жетекчилиги менен ал тараптагылар жаңжалды күчөтүп жиберишти. Ошентип жыйында эки тарап бир пикирге келишпестен адамдар тарап кетишти.

Ушул маселеге байланыштуу эл экинчи жолу Үч-­Коргон айылынын борборундагы көпүрөнүн жанындагы ойдуңчада топтолушат. Трибунага Орозбеков, Алиходжаев жана милиционер Козубай Шамшидиновдор чыгышат.

Маселени чечүү үчүн жыйналгандарга кайрылганда, көпчүлүк Ош уездине өтүүнү жактап чыгышат. Ошондо трибунада Орозбеков менен Алиходжаев жаңжалдашып талашып жакалашып кетишет. Аларды милиционер Шамшидинов ажыратып коёт.

Абдыкадыр Орозбеков Алиходжаевге Сталинден алып келген кагазды керсөтүп: «Сен али Сталинге да моюн сунбайсыңбы?» дегенде Алиходжаевдин шаштысы кайта түшөт. Орозбеков бул маселени Сталин менен алдын ала макулдашып алган экен. Бирок баары бир маселе дагы чечилбей, алар трибунадан түшүп кетишет.

Юлдаш Ахунбабаев мындай деген: «Өзбекстанда жашасаң эмне, Кыргызстанда жашасаң эмне. Бардыгыбыз бир мамлекетпиз. Чек ара деген жок. Акчабыз бир, кайсы ­базарга барсаң да соодаңды жүргүзө бересиң.

Бул үч улутту эч ким бир-биринен ажырата албайт. Кана айтыңыздарчы, Өзбекстандын кайсы районунда тажик же кыргыз жок. Бардыгыбыз бир жашайбыз, мыйзамыбыз бир, алдыга койгон максатыбыз бир.

Мени менен Абдыкадырдын ортосунда кандай айырма бар? Эч кандай айырма жок. Бири-бирибизге окшошпуз, кийген кийимибиз да бир!» деп трибунада кучакташып кеткен.

Орозбеков менен кошуна элек

(Сабыр Матисаевдин эскерүүлөрүнөн)

Улутум кыргыз, 1901‑жылы азыркы Кадамжай районунун Охна кыштагында кедей-­дыйкандын үй-бүлөсүндө туулганмын.

Биз Абдыкадыр Орозбеков менен бир айылда коңушу жашаганбыз. Ошого байланыштуу анын өмүрү жана жетекчилик ишмердигин жакшы билем. Атасы өлгөндөн кийин жашоо тиричиликтин, кыйынчылыктын азабынан энеси 2 уул, 1 кызын жетелеп алып, Фарганага көчүп кеткен.

Абдыкадыр Фарганада Юлдаш Ахунбабаев менен таанышат. Ошондон тартып экөө дос болуп калышат. Алар таанышкан учурда Ахунбабаев Нургазы байдын, Орозбеков болсо Хаким байдын малын багышчу.

Хакимбай татар эле. Эки дос күндүзү малдарын багышып, оокаттын тартыштыгынан байлардыкына уурулукка киришчү экен. Уурулук болуп жатат экен деп Орозбековдон күмөн санап, аны иштен айдап жиберет. Бир топ мезгил шаардагы бир орустукунда жашап калат. Андан соң бөлкө нан бышырган жерге от жагуучу болуп ишке орношот. Орустар ага бөлкө бышырууну үйрөтүшөт.

Ал кезде мусулмандар бөлкөнү «орус наны» деп жешчү эмес экен. Орустардын арасында Орозбеков мусулман баласы болгондуктан курсагы нанга тоюп, бир кыйла тыңдалып калат. Ошол мезгилде Россияда революция болуп, бийлик кедейлерге өтүптүр деген кабар тарайт. Бөлкө нан бышырган жердеги 18 орусту партиянын катарына кабыл алышат. Алардын арасында Абдыкадыр Орозбеков да бар эле.

Ушул жылдары Абдыкадыр Орозбеков Охнага келгенде үкаси дайыма мени чакырып барчу. Биз Абдыкадыр менен дүйнөдөгү, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан окуялар жөнүндө көпкө аңгемелешин олтурчубуз.

Абдыкадыр Охнага велосипед (шайтан араба) минип, жанына тапанча тагынып келер эле. Айылдын калкы орустун арабасын миниптир, орустун кийимин кийиптир, мусулманчылыгы калбай калыптыр. Каапыр болуп кетиптир деп сөз кылышчу.

Орозбеков толмоч, ак жүздүү, узун бойлуу киши эле. Кыргызга караганда көбүрөөк татарга окшоп кетчү.

1931‑жылы, мен айылдык керек-жарак коомуна төрага болуп иштечүмүн. Орозбеков айылга келип 25 жигитти чогултуп, өзүн-өзү коргоо отрядын түздү. Бул отрядга мени башчылыкка дайындады.

Отряд түзүүнүн себеби, Алай жана Шахимардан тоолорунда басмачылар ызгып жүрүүчү. Бизди 3 беш атар, 25 барденка менен куралдандырып, Орозбековдун өзү көнүгүү алып барды. Биз тез эле куралды кантип колдонууну мыкты өздөштүрүп алдык. Отряд басмачыларды айылга жакындатпады.

Ошол эле жылдын күзүндө Орозбеков мени Үч-Коргонго чакырып, керек-­жарак коомунун төрагалыгына дайындады. Андан көп өтпөй Төө-Моюн айылдык кеңешинде жана Ак-Турпак, Бирлик айылдык Кеңешин бириктирип иштеп турдум, Ал киши мага өтө ишенер эле.

Орозбеков менен Ахунбабаев бирин-бири өтө урматташуучу, 1931‑жылы алар үй-бүлөсү менен чогуу Шахимарданда дем алышат. Ошол жерде Орозбековго Ахунбабаев «Шахимарданды өзбектерге бер, алар абад кылышат.

Ошондо Кудай кутун төккөн бул ажайып жер кыргызга да, өзбекке да, бардык элге кызмат кылып, эс алып, көңүл аччу жерге айланып калат» дейт. Орозбеков ал сунушту туура көрүп макул болот. Бирок бул окуядан кабардар болушкан Охна жана Кызыл-Булак айылдарынын калкы нааразы болуп, тополоң чыгарганга чейин барышат.

Ошондо Орозбеков мени чакырып: “сен элге түшүндүр, Шахимарданды алар абад кылышат. Имараттарды салышат, көпүрөлөрдү курушат, бардык эл үчүн дем алуу жайына айланат. Ушуну адамдарга туура түшүндүр» деген кеңешти айтты.

Мен Орозбеков айткандай маалама-маала, айылма-айыл жүрүп аксакалдар менен жолугушуп, жаштарга айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп элди тынчтандырганмын.

Эсенгул Алиев, Мамлекеттик жана коомдук ишмер

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости