www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Бекболот мырза, сиз биринчи президент Аскар Акаев менен он төрт жыл бирге иштешип, кийин экинчи президентке, өзгөчө үчүнчү президент Алмазбек Атамбаевге катуу оппозицияда болдуңуз. Мен жакшы билгендей, Курманбек Бакиевдин тушунда төрт ирет, Убактылуу өкмөттүн бийлигинде эки ирет сизге жогорку деңгээлдеги кызматтар сунушталганын уккан жайыбыз бар эле. Бирок, сиз саясаттагы өз принциптериңизге бекем туруп, ал сунуштардан баш тартып, өзүңүздүн чынчыл позицияңыздан эч тайган жоксуз. Өткөн мезгилде Атамбаевдин зор пропаганда машинасы миң түркүн ушак чыгарып, башыңызга тынымсыз жугунду куюп келди. Сиз баарына туруштук берип, таза жана мекенчил саясатчы, инсан экениңизди кыргыз элине далилдеп көрсөтө алдыңыз…

— Рахмат. Сиз айткандай Акаевден кийинки президенттерден ошондой кызматтарга сунуштоолор болгон, мен баш тартып койгонум да чындык. Мындай комплиментти сиздин дарекке айтсак да жарашат. Акаевдин бийлигинде оппозициялык иштерди жүргүзүүдө сиздин эмгегиңиз Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Замира Сыдыкова сыяктуу инсандардын иш-аракетине барабар. Атамбаевдин ылай саясатын да учурунда ашкерелеп келдиңиз.

— Мына эми, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иштеп жатканына эки жылдан ашты. Президент Жээнбековду өлкөнү башкарууда «эч кандай жылыштар жок, коомду өзгөртө албады» деп жактырбагандар да, «мамлекеттик казынага кол салган коррупционерлерди четинен камап, мыкты иштеп жатат» деп мактагандар да бар. Ал адам мага да, сизге да жакын, мурдатан мамилебиз бар. Эми, азыркы президентке башкалардай жагалданбай, байкап–билген чындыкты ачык, түз айта аласызбы?

— Ачуу сөз болсо да, президентке чындыкты айтууга баарыбыз милдеттүүбүз деп билем. Президентке калп айтып, ачуу чындыкты айтпай жаап-жашырган кошоматчылары ансыз деле көп. Биз чыркыраган чындыкты айтуу менен керек болсо президент Жээнбековго көп жардам берген болобуз. Мен ушундай ойлоймун.

— Сооронбай Жээнбековду президенттикке аттантып жатып Алмазбек Атамбаев «анын рейтинги үч пайыз» деп ойлонбой туруп «балп» этип алганы эсибизде. Азыр ал рейтинг кандай абалда? Ушул учурда президент Жээнбековдун саясый рейтинги өстүбү? Бул суроого кандайча жооп берет элеңиз?

— Кыргыз элинде «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дегендей, сиз экөөбүз достук вазийпаны учурунда аткарып, эскертүү берели. Эки жыл мурда, 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин, Жээнбековдун рейтинги кескин өскөнү белгилүү, 90–95 пайызга жеткен. Өткөн жылдын февралына карата ал көрсөткүч 60–65 пайызды түзгөн. Учурда, эгер коомчулуктун маанайына таянсак, карапайым элдин арасында коррупция менен күрөшүүдө, президентке өтө чоң ишеним бар экени байкалууда. Бирок, акыркы кезде ошол ишенимдердин рейтинги түшүп бараткансыйт. Бул жалгыз эле менин эмес, элдин да пикири. Элдин пикири менен өлкө башчысы дайыма эсептешиши керек.

— Ооба, жагымсыз тенденция бар экенин танууга болбойт. Алгач президенттин алгылыктуу иштерин санап албайлыбы?

— Сооронбай Жээнбековдун зор эмгеги — өзүнүн устаты Алмазбек Атамбаевдин, анын шылуун жан–жөкөрлөрүнүн бет пардасын сыйрып, алардын ач көз, арамза жүздөрүн ашкерелегенинде. Мамлекетти кандай ак көйнөкчөн, галстукчан бандиттер башкарып, талап–тоноп турушканын жалпы элге көрсөтө алды. Ошондой эле, Жээнбеков ыплас иштерге аралашпай, жеп- ичип койду деген сөздөр артынан эрчибей, бийликте өзүн таза кармап келүүдө. Бул чындык… Өлкөнү башкарган адам үчүн мындай баа чоң ийгилик деп билем.

— Анда, эмне үчүн өлкөнүн экономикалык абалы оңолбой, элдин жашоосу жакшырбай, бийлик башындагыларга ишеним улам төмөндөп бараткандай?

— Эч жаңы анализ да, сунуштарым да жок. Алты жыл мурда «Арена» гезитине берген «Атамбаев — миң жылда бир келчү кырсык» деген кенен маегимде дал учурдагы абалды жиликтеп–талдап, сунуштарды бергем. Бирок ал кезде бийликтин мансабына чексиз көөп турган Атамбаев аларды окуп, ойлонмок турсун, кийин (2016 ж.) жалган жалаа токутуп, мени 17 жылга соттотуп жибербедиби. Атамбаев башкарган алты жылда эч кандай өзгөрүү болбоду, ошондогудай эле өлкөдө жашап келе жатабыз.

— Өзгөрүү болуш үчүн эмнеден башташ керек, айта кетсеңиз. Андай болсо талдоодон баштасаңыз?

— «Иттин өлүгү» 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамда жана кийин орнотулган мамлекеттик түзүлүштө, башкарууда жатат. Азыр айтып жатышпайбы «ал Башмыйзам оор кырдаалда шашылыш кабыл алынган» деп. Макул, а эмне үчүн кийин оңдолбоду? Ал Башмыйзамга ылайык, Кыргызстанда «парламенттик» эмес, анархиялык мамлекеттик түзүлүш, башкаруу орнотулду. Эске салсак, анархия идеясы өткөн кылым башында Россияда жаралган. Анархисттер «мамлекеттик бирдиктүү, күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар түркүн жааттарга (партияларга), уюм, топторго чачырашы зарыл» деп эсептешкен. Алардын айтылуу девизи «анархия — мать порядка!». Тагдырдын тамашасы менен анархисттердин көксөөсү жүз жылдан соң эгемен Кыргызстанда турмушка ашты. Он жылдан бери биздин өлкөдө жоопкерсиз, чакчелекей мамлекеттик башкаруу, «бардак» жашоо. «Парламенттик өлкөбүз» деп бет тырмап, боорду эзгендерге түшүндүрүп көрөлүчү. «Парламенттик өлкө» деген эмне? Парламентаризм негизи монархия сакталган өлкөлөргө таандык жана натыйжалуу. Мисалы, Улуу Британияда (королева), Испанияда (король), күн чыгыш өлкөсү аталган Японияда (император). Монархтар аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигине, сот системасына, тышкы саясатка кийлигишпейт. Элестетсеңиз, «коррупцияга каршы күрөшөм» деп Елизавета II, «инвестиция тартам» деп Филипп VI, «сот реформасын жүргүзөм» деп Нарухитонун тердеп–кургап чуркап жүрүшкөнүн?! Мындай абсурд «парламенттик» Кыргызстанда гана орун алат да. Монархиясыз өлкөдө парламентаризмдин анык орун алышын, мыкты ролун Сингапур далилдеген. Ал өлкө эркиндик алганда (1965–ж.) парламенттик башкарууга өткөн. Бирок, «президент» деген кызмат болгон эмес! Качан гана өсүп–өнүккөндө, отуз жылдан кийин, ал кызмат символ катары киргизилген. Кийин премьер–министр Ли Куан Ю «президент кылып досумду дайындагам» деп эскерет. Мына, анык парламенттик өлкө. Президентти формалдуу түрдө парламент шайласа да, өкмөт башчысы аны «дайындагам» деп жатпайбы. Ошентип, он жылдан бери Кыргызстанда парламентаризмдин жыты да жок, толук анархия. Орустар айтат, «в мутной воде рыба хорошо ловится» деп. Анархиялык «бардакта» коррупция эбегейсиз гүлдөдү. Атамбаевге, жан–жөкөрлөрүнө анархиялык система майдай жакты да. Жакында Сооронбай Жээнбеков «Атамбаев өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка тыкты» деп таамай диагноз айтты. Ооба, Жээнбеков Атамбаевдин бийлигинде дүркүрөп өскөн коррупция «дарагынын» жоон бутактарын аёосуз кырктырып жатат. Ага коомчулук ыраазы. Бирок, ал «дүпүйгөн дарактын» тамырына эки жылда бир балта чабылбады. Өлкөдө коррупция ныпым азайбады, анархиялык системада ал эч азайбайт. Бул кашкайган чындык жакында өткөн Коопсуздук кеңешинде ачык айтылды. Эл аралык «Транспаренси Интернешнл» уюму да коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстанда соңку эки жылда таш бака жүрүш менен өтө жай жүрүүдө деп өз отчетторунда жазды.

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости