www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мектептерге бекер берилүүгө тийиш болгон окуу китептеринин базарда сатылып жатышы боюнча кылмыш иши козголду.
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин маалыматына караганда, иш Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси — «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» боюнча тергелүүдө. ИИМ тергөө уланып жатканын билдирип, азырынча маалымат бере элек.
2026-жылы окуу материалдарын чыгарууга бюджеттен 744 млн сом, кийин дагы 16 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 3 млн 668 миң 606 окуу материалы даярдалышы керек болсо, анын 2 млн 455 миң 868и мектептерге жеткирилген.
Вице-спикер Болот Ибрагимов: «Буга тергөө чекит коюшу керек. Анткени ар кандай ой-пикирлер айтылып жатат», — деди.
Президент Садыр Жапаров мектептерди китеп менен камсыздоону толуктоо үчүн кошумча 7 млрд сом бөлгөн.
Ушул тапта мамлекеттин эсебинен басылып, мектепке бекер бериле турган китептер кандайча базарга сатыкка чыгып кеткенин тууралуу суроо жоопсуз турат.
“Бул иш боюнча тергөө амалдары уланып жатат. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча маалымат бере албайбыз”, - деди Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов.