www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Дастан Бекешев Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевден мектеп окуучуларын анализ кылууга, ойлонууга үйрөтүүнү суранууда.

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат мектептерде балдар бир нерсени үйрөнүүгө же жаттап алууга мажбурланып жатканын, бирок аларды ойлонууга, талдоо жүргүзүүгө үйрөтүлбөй жатканын белгиледи.

"Бул чоң көйгөй. “Эмне үчүн Нарын дарыясында крокодил жок?” деген суроону балдарга берип көрсөңүз, ушул логикалык суроого жооп бере алышат бекен? Биз балдарды өзүлөрү анализ кылгандай тарбиялашыбыз керек. Суроолорду бергенди үйрөнүш керек", — деди депутат.

Иманалиев мектептерде лидерлик сапаттар үйрөтүлбөй, талкуу жана чыгармачылык жок болуп жатканына макул болду, бирок, анын айтымында, бул жерде жоопкерчилик мугалимдерге гана эмес, ата-энелерге да жүктөлүшү керек.

Эске салсак, 2019-жылдагы парламенттин жыйындарынын биринде Иманалиев ага карата козголгон делген иш боюнча маалыматка комментарий берип жатып: "Мага карата кылмыш ишин табуу Нарын дарыясынан крокодил тапканга барабар", - деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости