www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу аркылуу төрөттү көбөйтсө болорун айтты. 

- Эгер биз төрөттү көбөйтүүнү кааласак, анда дал төрөт маалында берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу керек, - деди депутат.

 

Анын пикиринде, бул Кыргызстанда төрөттүн көбөйүшүнө түрткү болот жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн керектүү нерселерди сатып алууга жардам берет.

Каржы министринин орун басары Жибек Дуйшеева 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул киргизилерин эске салды. Бул максатка бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. 

Дуйшеева ал эми бир жолку сүйүнчүпулду көбөйтүү акыркы эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин 2027-жылга бюджет түзүү учурунда караларын айтты.

Последние новости