www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика тармагындагы кризис көптөн бери уланган дарт. Бирок көйгөйдүн тамыры техникалык эмес, моралдык мүнөздө экенине эч ким маани бербей келет. Себеби, Энергетика тармагын жетектеген министрлерде жоопкерчилик карманча жок. Мына айталы, канчалаган министрлерге кылмыш иш козголуп, аягына чыкпай калат. Буга мурдагы Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча эки кылмыш ишин козголуп, “Кимди ким көрдү Быржыбайды там басты” болгону ачык мисал десек жарашат.

Ага учурунда Башкы прокуратура тарабынан: "2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген. Мындан сырткары кызмат абалынан кыянат пайдаланып, "Теплые ключи” саламаттыкты чындоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген", - деп кылмыш ишин  козгогон. Натыйжада, суудан кургак чыгып, чардап жүрөт. Дың деген жан жок. 

Мына ушундайлардын айынан кийинки келген министр “мен деле эч нерсеге жооп бербейм” деген негизде каалаганын жасап, кызматын талапка ылайык аткарбайт, коррупция тыйылбайт. Анан азабын карпайым эле тартат. Жыйынтыгы келип реформанын ордуна шылтоо, жоопкерчиликтин ордуна унчукпоо, ишенимдин ордуна чарчоо пайда болот. Болбосо, бүгүнкүдөй абалга канча жыл өттү, сабак алган жетекчи жок. Эл караңгыдай суукка тоңуп кайсалап отурат.

Энергетика тармагы – өлкөнүн кан тамыры. Бирок бул тамырды “сыноо лабораториясына” айландырган жетекчилер элдин үмүтүн өчүрүүдө. Электр энергиясын үнөмдөп үйрөнгөн эл эми ишенимди да үнөмдөп калды.

Последние новости