www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акаевдин кылмышы Атамбаевдин кылмышынан 10 эсе ашса ашат, кем эмес болчу», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бектур Асанов.

- Бектур байке, Алмазбек Атамбаевди соттон тез жардам алып кетиптир. Мындан ары ага кандай мамиле болушу керек?  Сотко алынып келиши керекпи же анын ыгына, шартына көнүп, сот анын катышуусу жок өтүшү керекпи?

- Негизи бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Мыйзам Атамбаев, Жапаров, Асанов экенине карабашы керек.

- Бирок, Алмазбек Атамбаев «өмүр бою кессеңер да сотко алып келип, кыйнабагыла» деп жатат го?

- Ал киши азыр оозуна келгенин айта берет да. Бирок, баардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек.

- Анткениңиз менен айрым замандаштарыбыз президент болгон кишиге аяр мамиле жасалып, урмат-сый болушу керек деген ойлорун айтып жатышпайбы...

- Туура ал жагынан алганда. Анткени, Акаевге деле абдан сый көрсөтүлбөдүбү. Чынында Акаевдин кылмышы Атамбаевдин кылмышынан 10 эсе ашса ашат, кем эмес болчу. Кааласак, каалабасак дагы мамлекеттеги көрүнүктүү адамдарга жана мурдагы президенттерге сый болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости