www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоор бир эле учурда үч окууда каралып, кабыл алынды.
Аталган мыйзам долбоорун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тааныштырды. Ал белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун корутунду жобосуна ылайык жана анын күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу зарыл.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg