www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сочиде чийки тамак-аш блогери Максим Лютыйдын жубайы баласынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Краснодардагы Су СКРдин басма сөз кызматы таянуу менен орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 33 жаштагы аялга “Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 11-февралда Вардан айылында квалификациялуу медициналык жардамга кайрылбастан төрөп алганы аныкталган. Балага медициналык мекемеге каттоого турбай, жаңы төрөлгөн ымыркай текшерилген эмес, оорулардын диагностикасын, алдын алуу жана дарылоо иштерин эч ким жүргүзгөн эмес.

Буга чейин блоггердин жаңы төрөлгөн уулу ата-энеси аны ачка калтырып, 8-мартта ооруканада каза болгону белгилүү болгон. Бирок такталган маалыматка караганда, бала медициналык мекемеге жеткириле электе эле каза болгон. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө облустук тергөө башкармалыгында көзөмөлгө алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости