www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зиядин Жамалдиновдун депутаттар менен кайым айтышып отурганы туура эмес. Мындай пикирин депутат Айбек Осмонов бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн 10го жакын депутат Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов тууралуу сөз кылды. Мен аталган облустан шайланып келген депутат катары оюмду айта кетпесем болбойт.
Чындыгында депутаттар бийликке элдин үнүн жеткирет, мыйзам чыгарат жана көзөмөлдөйт. Коомчулуктун үнүн жеткирген депутаттар менен Жамалдинов журналисттерди чогултуп алып, кайым айтышып жатат. Мындай кылганы туура эмес. Эгер ак болсо, башкача жооп берсе болмок", - деди эл өкүлү.
Депутат президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул маселени адилеттүү чечип беришин суранды
"Ошондой эле, губернаторлор акимдердин, айыл-өкмөттөрдүн ушинтип канын иче турган болсо, анда бул башкармалыкты жоюп салууну туура көрөм", - деди Осмонов.
Булак: NazarNews.kg