www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек-Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт, ага байланыштуу жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомстводон кабарлашкандай, карды артиллериялык жабдыктарды колдонуу менен атайылап түшүрүү иш-чарасы 16-марттан 21-мартка чейинки аралыкта жүргүзүлөт.
Кар көчкү мажбурлап түшүрүлө турган тилкелердин тизмеси:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району – «Төө-Ашуу» ашуусу);
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району);
- Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырымы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району – «Ала-Бел» ашуусу).
ӨКМ жолдор маал-маалы менен жабыла тургандыгына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Кырсык катталган учурда жана унаа жолдогу абал боюнча "112" бирдиктүү номерине байланышыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Булак: NazarNews.kg