www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын ОИИБдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду, деп билдирди УКМК.
Тактап айтканда, милиция кызматкерлерине кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылды. Себеби 14-мартта УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран кайрылып, аны 9-мартта Нарын шаарындагы көңүл ачуучу жайда белгисиз адам себепсиз сөгүп, бөтөлкө менен чаап, ден соолугуна зыян келтиргенин билдирген. Окуя болгон күнү З.К. милиция кызматкерлерин чакырып, чара көрүүнү суранган. Бирок милиция кызматкерлери мыйзамдуу чара көрбөй, окуя болгон жерден кетип калышкан.
Видео материалда көрүнүп тургандай, милиция кызматкерлери кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдарга аларды шылдыңдап, кол салууга жол берип, арыздануучунун конституциялык укуктарын бузушкан.
«Ушундай окуялар Нарын облусунун Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер бөлүмүндө болгон. Бул жагдайлар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндөгү жагымсыз кырдаалды көрсөтүп турат жана мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизет», - дейт УКМК.
КМК буга чейин Кочкор жана Сузак райондорундагы милиция кызматкерлерин кармаган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалаган деп айыпталган.
Булак: NazarNews.kg