www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тилчи-түрколог Четин Жумагулов дүйнөдөн өттү

Белгилүү тилчи-түрколог Четин Жумагулов кечээ, 24-майда 87 жаш курагында дүйнө салды. 

Четин Жумагулов 1937-жылдын 3-мартында Чүй областындагы Кант районунун Четинди айылында туулган.

Белгилей кетсек,  Четин Жумагулов Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, жарыялап, илимий чөйрөгө алып чыккан жана бир катар жаңы эстеликтерди ачкан.

19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр жана башка) коюлган эстеликтердеги жазууларды биринчилерден болуп окуп, которуп жарыялаган. Профессор Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектердин автору. Эмгектери чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага которгон.

Коом Press маалыматтык сайты Четин Жумагуловдун дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости