www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден карама-каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу жаралат.
Мындай эрежени бузгандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Айып пулга жеңилдик берилбей, толук төлөнөт.
Сиз жол кыймылынын эрежелерин бузууларга күбө болсоңуз 0777 102 102 ватсап номерине видео же фото жөнөтүп койсоңуз болот. Аныкталган укук бузуулар боюнча жол тескөөчүлөрү тиешелүү чараларды көрүшөт.
Урматтуу айдоочулар өзүңүздүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн ойлоп, каршы тилкеге чыкпаңыздар. Адам өмүрү аманат!
ИИМдин Басма сөз кызматы