www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
95 жаштагы хирург Мамбет Мамакеев коронавирус инфекциясынын оор түрү менен ооруган. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Андрей Сопуев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, дарыгер Мамакеев 2 ай бою Улуттук хирургия борборундагы «кызыл зонада» коронавирустан дарыланган.
«Ал COVID вирусунун оор формасына чалдыккан. 2 айдай дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланды. Ооруканадан чыкканына 15 күндөй болду, реабилитациядан өтүп жатат. Мамбет Мамакеев Спутник V вакцинасы менен биринчилерден болуп эмделген. Ал баары бир жардамын тийгизди деп ойлойбуз», - деди А.Сопуев.
Эске салсак, Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө 2020-жылдын 23-апрелинде башталган. Алгач хирург Мамбет Мамакеев эмдөөдөн өткөн.
Булак: NazarNews.kg