www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-ноябрь, -  белгилүү саясатчы, Азимбек Бекназаровду туулган күнү менен Рамазан Дырылдаев куттуктады:

Урматтуу Азике, сизди өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан, 65 кутман жашка чыгышыңыз менен куттуктаймын! Сиздин ушул куракка чейин өзүңүз, элибиз, мамлекетибиз үчүн кылган эмгегиңиз үчүн, сиз:

«Иштерман», «Азике», «Азыркы Манас», «революциянын бульдозери», «Жаңы Кыргызстандын тирүү энциклопедиясы», «Элдик баатыр» деген элдик наамдарга ээ болдуңуз. Сиздин таасирден улам, улутчул-мекенчил саясатчылар өсүп чыкты, айрымдары азыр бийликте.

Сиз үчүн, сиз коргогон кыргыз жери үчүн адамдар өз өмүрлөрүн кыйган, тарыхый элдик саясатчысыз. Эки элдик революцияны уюштурган жана жеңишке жеткирген чыныгы элдик баатыр революционерсиз.

- Бир эмес, эки президент, анын жакындары тарабынан мыйзамсыз «уурдалган», ээленген, азыр Башкы прокуратура олтурган жайдай, Мегаком., Алтын балалык, Солнышко, Витязь сыяктуу ондогон пансионат, объектти, техникаларды, Бишкек менен Ысык-Көл жээгинен ж.б. региондордон президенттердин жакындары ээлеп алган жүздөгөн гектар жерлерди, миллиардаган суммадагы акчаларды кыска мөөнөттө мамлекетке кайтартууну уюштурган жалгыз башкы прокурорсуз.

1916-жылкы көтөрүлүштө шейит болуп, сөөгү 90 жыл көмүлбөй жаткан ата-бабалардын сөөктөрүн терүүнү, мусулманча жерге берүүнү, салтыбызга ылайык ашын берүүнү уюштурган элдик адамсыз!

Саясый өңүттөн куугунтукка алынган, соттолгон ондогон адамдардын ким экенине карабай, иштерин кайра караткан, юридикалык жактан жардам берген, моралдык-саясый дух берген адилеттүү прокурор, адвокатсыз!

Отуз жылдык эгемен Кыргызстандын тарыхын 4 томдук китеп кылып жазган, Үңкүрдү кайра изилдеп, «тукумкурут» болгон деп тыянакка келген заманбап эгемен тарыхчысыз. Өз паспортубуздан «кыргыз» деген атыбыз өчүрүлгөн өкмөттүк чечимди Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарткан укукчусуз.

Мындай тизмекти улай берсе, бүтчүдөй эмес. Буларды бийлик билбесе, биздин эсибизде, эл билет. Азыр эки качкын президент (Акаев менен Бакиев), айрыкча ары жок Акаев, сиздин Кыргызстанда жок экенинизден пайдаланып, өздөрүнүн жалданма соцсеттери, «куйруктары» аркылуу Кыргызстанга «баатырларча» келгенин, дагы келээрин дембе-дем жаздыртып коомчулукту жоошутууда.

Эл арасында:«Бульдозер» кайда? Ал эмнеге унчукпайт?» - деп сизди издегендер көбөйүүдө. Убагында сиз уюштурган Кыргызстан элдик кыймылындай (КЭК, 2003-ж.) Бириккен элдик кыймылдай (БЭК, 2008-ж.), Туруктуу элдик кыймылдай (ТЭК, 2016-ж.) саясый күчтөрдүн башы бириктирилип элдик курултайлар өткөрүлбөй калды.

Жалпы координация, багыт жок. Ушундай бириктирүүчү, уюштуруучу, кыргыз саясатына багыт берүүчү ордуңуз бош калды! Бүгүн Кыргызстанга качкын президенттер эмес, сиз керек болуп турасуз Азике!

Сиз элиңизге Кыргызстандын тышында эмес, ичинде керексиз! Муну мен сизди жакшы билген саясаттагы үзөңгүлөштөрүңүздүн, досторуңуздун, аке-үкөлөрүңүздүн, көптөгөн карапайым элдин пикирин угуп жүргөндүктөн, бүгүнкү майрамдуу күнүңүздө атайын айтып жатам.

65 жаш курак - адам акыл эске, күчкө толгон курак болот! Элиңизге келип, адатыңызча курултайларды өткөрүп, бийликте турган инилериңизге күрүлдөп, «муштум» көрсөтүп турбасаңыз, аларды акайчылар биротоло «тегеректеп», «жетелеп» алмак болушту!

Азике, бар болуңуз! Кыргызстанга келип, элиңиз менен бир болуңуз! Кутман курагыңыз кут болсун! Сизди күтөбүз!

Сизди терең урматтоо менен, Рамазан Дырылдаев.

 

Последние новости