www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кечээги Бакиевдин “куйругу” Кубан Мамбеталиев кыргыз журналистикасы боюнча ойду-тоону сүйлөп, өзүнчө баа бериптир". Мындай пикирин “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

"Бул азыр алжып эле калбаса, эскертип коеюн, кандуу режимде Улуу Британияда элчи болчу. Дал ошол кезде биз: Бабырбек Жээнбеков, Кенжебек Арыкбаев, Рыскелди Момбеков, Манас Осмон, Назгүл Мамытова ж.б. журналисттер коомчулуктагы акыйкатты ачыктап, күрөшкөнбүз да! Кубан Мамбеталиев агезде Лондондо виски ичип, тайраңдап элчи болуп жүргөн. Ошондо Павлюк өлтүрүлүп, Абдылдаев бычакталып, сөз эркиндигине коркунуч келип атса, бир ооз адилеттүү сөз айтканга жарабай, кызматтын “кулуна” айланганы ачык факт!

Дагы санайлы, Жекшенкулов, Исаков, Кадырбеков камалса, Садыркулов өлтүрүлгөн, андай эле Мамбеталиев “акыйкатчы” болсо, ошондо бир ооз “кепшеп” койбойт беле? Эми түштөн кийин келип алып, президенттик аппаратка кошомат кылып, өкмөттү сындамыш этип, былжырап отурат го? Жетимишке чыгып калганда тантырабай, тек гана жүрсө болмок, кызык, кийинки муунга бул “чыча” берсе, богун ким тазалайт?...", - деп кошумчалаган Асланбек Сартбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости