www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург - Нур-Султан каттамындагы рейсинде белгисиз бирөө жарылуу болушу мүмкүндүгүн билдирген. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы РИА Новости агенттигине маалымдады.

«Эйр Астананын Call-борборуна 18-ноябрда саат 00.45те (Москва убактысы боюнча 17-ноябрда 21.45) 138-Пулково – Нур-Султан рейсинин ыктымал жарылуусу тууралуу маалымат келип түшкөн», — деп билдирди басма сөз кызматы. Ошол эле учурда алар 2.49да (18-ноябрда Москва убактысы боюнча 23:49да) борт аман-эсен конду деп түшүндүрүштү. Окуянын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости