www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Балыкчы багытында каттаган жүргүнчү поездге белгисиз адамдар таш ыргытып, жүргүнчүлөрдүн жана поезд кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жаратты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 27-июлунда саат 22:54төр чамасында Балыкчы–Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609 шаар четиндеги жүргүнчү поезд Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда болгон. Белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш бараңга алышкан.
Натыйжада таштардын бири вагондун терезесинин айнегин талкалап, ичине кирип кеткен. Окуядан бир нече вагондун терезелери жабыркап, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына материалдык зыян келтирилген.
Темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында сынган терезелер кыска убакыттын ичинде алмаштырылганы маалымдалды.
Аталган факты боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. «Кыргыз темир жолу» күнөөлүүлөр жакын арада аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларына ишеним билдирген.
Ишкана мындай аракеттерди кескин айыптап, жүрүп бараткан поездге таш ыргытуу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.
Ошондой эле жарандар темир жол инфраструктурасына аяр мамиле кылууга жана вандализм же башка мыйзамсыз аракеттерге күбө болгон учурда укук коргоо органдарына маалымат берүүгө чакырылды.