www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин маалыматына ылайык, 12-сентябрь күнү болжол менен саат 16:55 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган. 

Териштирүү иштеринин алкаганда, Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барган кезде болжол менен 25-30 жаштардагы балдар өз ара уруша кетип, балдардын арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. Кароо учурунда 1 даана гилзасы алынган.   

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.  

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 1994-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Буга чейин жаран Н.К. Россияда каракчылык фактысы менен соттолгон. 

Ошондой эле жабырлануучу 1999-жылы туулган А.Э. райондук ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.  

Последние новости